Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:14

Түндүк кореялык спортчулар Олимпиадага катышат


Түштүк жана Түндүк Кореянын делегациялары жолугушууда, 09.01.2018
Түштүк жана Түндүк Кореянын делегациялары жолугушууда, 09.01.2018

Түндүк Корея февралда Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында баштала турган Олимпиада оюндарына спортчулардын жоон тобун жөнөтөт. Бул тууралуу эки өлкөнүн жогорку даражадагы делегацияларынын эки жылдан берки биринчи жолугушуусунда макулдашылды. Cеул ошондой эле Олимпиада маалында Пхеньянга каршы киргизилген санкцияларды убактылуу алып турууну карайт.

Мындан бир апта мурун эле Түндүк Корея ядролук куралы менен дүйнөнү коркутуп жатса, шейшембиде эртең менен Пхеньяндын өкүлдөрү чек аранын демаркация сызыгын кесип өтүп, Сеулдан барган делегация менен кол алышып, бетме-бет сүйлөшүүгө отурду. Эки жылдан берки алгачкы жолугушуу эки өлкөнүн чек арасындагы Пханмунжон бекетинде өттү.

Бул жолугушуу өткөн жылдан бери курчуган Корей жарым аралындагы кырдаалды турукташтырууга маанилүү кадам деп бааланды. Ага карабастан Сеулда Пхеньян терең өзгөрүүгө барарына ишенбегендер арбын.

Пхеньяндын делегациясын Кореянын тынчтык жол менен биригүү комитетинин төрагасы Ри Сон Гвон, ал эми Сеулдан барган топту биригүү министри Чо Мен Гён жетектейт. Эки делегация тең жолугушууга чейин эле оптимисттик маанайда экенин билдиришкен.

Түндүк Кореянын делегация жетекчиси Ри Сон Гвон
Түндүк Кореянын делегация жетекчиси Ри Сон Гвон

​"Биз бүгүн бул жолугушууга чын дилибизден ишенип келдик. Бул сүйлөшүүдөн олуттуу натыйжа чыгарып, бизге үмүт артып турган бир туугандарыбызга бул жылдагы алгачкы белек жасайбыз деген ниеттебиз", - деп билдирди Түндүк Кореянын делегация жетекчиси Ри Сон Гвон.

Пхеньяндын өкүлдөрү Түндүк Корея спортчулардан тышкары Кышкы Олимпиадага жогорку даражадагы мамлекеттик кызматкерлерди жана Улуттук олимпиада комитетинин өкүлдөрүн жиберүүгө даярдыгын билдирди. Ошондой эле Пхенчхандагы Олимпиадага таэквондо боюнча команда бармай болду.

Сеул чыгыш календары боюнча 16-февралда белгиленчү Жаңы жылда корей согушунун айынан экиге бөлүнүп калган үй-бүлөлөрдү кездештирүүнү сунуштады.

Түштүк Кореянын делегация жетекчиси Чо Мен Гён
Түштүк Кореянын делегация жетекчиси Чо Мен Гён

"Бул сүйлөшүүлөр узактан бери сууп калган калган байланыштардан кийин башталды. Жакшы башталыш - иштин жарымы. Эки тарап тең жолугушууда чечкиндүүлүк жана туруктуулук көрсөтөт деп ишенем", - деди Түштүк Кореянын делегация башчысы Чо Мён Гён.

Cеул түндүк кореялык спортчулардын Пхенчханга келүүсүнө шарт түзүү үчүн Пхеньянга каршы киргизилген санкцияларды убактылуу алып туруу маселесин дагы карайт.

1-январда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Пхеньян Олимпиада оюндарына өз командасын жиберүүгө даяр экенин айткан. Андан соң Сеул түндүк кореялык спортчулардын Кышкы Олимпиадага катыштырууну жогорку даражада талкуулоону сунуштаган. Пхеньян болсо мындай сунушту АКШ менен Түштүк Корея биргелешкен аскерий машыгуусун башка маалга которгондон кийин гана кабыл алды.

Эл аралык олимпиада комитети болсо түндүк кореялык спортчулардын Пхенчханда өтчү оюндарга катышуусун кубаттай турганын өткөн аптада билдирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG