Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:19

Социалдык медиага редактор керек


Кызматтык орундун номери: BKYB024-2202

Кызмат орду: Бишкек, Кыргызстан.

Социалдык медианын редактору “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун башкы санарип редакторунун алдында социалдык медианы координациялоону, редакторлукту, түрдүү платформалар аркылуу аудитория менен байланышты камсыздайт. Жаңы медиада негизги ишти аткарып, санариптик демилгелерди көтөрүп, мазмунду таратуу жагын аныктайт.

Социалдык медиа редактору "Борборазиялык мигрант" медиа долбоорунун бөлүгү болуп, Кыргызстандан, Тажикстандан, Өзбекстандан, Түркмөнстандан жана Казакстандан чыккан мигранттардын жашоо-турмушун камтып, миграция маселесин чагылдырат.

Жоопкерчиликтери:

  • YouTube, Facebook, Instagram, Twitter, ВКонтакте, OK, Telegram сыяктуу социалдык медиада жана башка платформаларда кызыктуу мазмунду таратып, аудитория менен байланышты координациялайт;
  • Бардык материалдарда редакциялык стандарттардын сакталышын карап, аларды жарыялардан мурда маалыматты дыкат текшерип, көзөмөлдөн өткөрөт;
  • Социалдык медианы казып, колдонуучулар жиберген мазмунду талдап, редакциялык саясатка туура келгендерин андан ары өнүктүрөт;
  • Социалдык медиадагы тиешелүү платформалардын статистикасын такай талдап, анализдеп, бөлүшүп турат;
  • Социалдык тармактардагы акыркы тенденцияларга көңүл буруп, башка команда мүчөлөрү менен жаңы платформаларды өздөштүрүп, мазмунду жайылтат;
  • “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун санариптик стратегия командасы менен кызматташып, компаниянын жалпы эрежелери жана стандарттарына ылайык иш алып барат;
  • Редакторлук стандарттарга ылайык маркетинг бөлүмү менен социалдык платформаларда компаниянын ишин таанытуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулап, иш жүргүзөт;
  • Социалдык медиа продюсерлер менен кабарчылардын ишин баалап, алардын кесиптик жактан өсүүсүнө, адистик чеберчилигин жогорулатуусуна өбөлгө түзөт;
  • Зарыл учурда макала жазуу, редакциялоо жана материал даярдоого салым кошот;
  • Тиешелүү башка тапшырмаларды дагы аткарат.

Билими:

  • Журналистика жана медиага тиешелүү багыттар боюнча бакалавр диплому же ошол тармактардагы иш тажрыйбасы зарыл.

Тажрыйбасы:

  • 5+ жылдык социалдык медиадагы тажрыйбасы;
  • 5+ жылдык медиа каражатындагы санариптик журналистика багытында тажрыйбасы;
  • Көп улуттуу жана көп түрдүү маданияты бар чөйрөдө, чет өлкөлөрдө, анын ичинде “Эркин Европа/Азаттык” радиосу камтыган аймактарда жашап иштеген тажрыйбасы;
  • Менежерлик иш-тажрыйбасы барлар.

Иш билгилиги:

  • Жаңылыктарды талдай билүү;
  • Командада иштөө жөндөмү;
  • Санариптик көрсөткүчтөрдү түшүнүү;
  • Социалдык медиада мазмун жаратуу жөндөмү;
  • Жаңылыктарды жазуу жана редакциялоо жөндөмү;
  • Борбор азиялык мигранттардын жашоо-турмушун терең түшүнүп билүү;
  • Tweetdeck, Crowdtangle, Socialbakers сыяктуу каражаттарды колдоно билүү;
  • Кыска убакытта бир нече ишти чогуу алып кетүү;
  • Ар кандай кырдаалда ар кыл командаларда эффективдүү иштөөгө жөндөмдүүлүгү. Кайсы бир маселеде түрдүү көз караштарды туура баалап, кырдаал талап кылгандай шартка ыңгайлашып, компаниянын же иштин талаптарына ийкемдүү болуу;
  • Саясий, экономикалык жана социалдык кырдаал тууралуу жана эл аралык мамилелер жаатында терең билими;
  • Html жана видео монтаж билгени артыкчылыкка ээ.

Тил билүүсү:

  • Кыргыз тили - эркин;
  • Орус тили - эркин;
  • Англис тилин билгени артыкчылык берет.

Бул кызматка кызыксаңыз резюмеңизди жана эмне үчүн бул орунга татыктуу экениңизди англисче кыска жазып, бул шилтеме аркылуу жибериңиз.

Шилтемени басыңыз

“Эркин Европа/Азаттык” радиосу камтыган аймактарда кызматкерлердин маянасы жергиликтүүлөргө атаандаш боло алгыдай шартта каралган. Кызматкерлердин айлык акысы ошол өлкөнүн жергиликтүү эмгек мыйзамдарына ылайык төлөнөт.

Эскертүү: “Эркин Европа/Азаттык” радиосу өз ишмердигине жараша бул жарыяланган кызматты өзгөртүү укугуна ээ.

XS
SM
MD
LG