Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:17

Юлия Скрипал ооруканадан чыкты


Мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипалдын кызы Юлия Скрипал.
Мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипалдын кызы Юлия Скрипал.

Британиянын премьер-министри Тереза Мей мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипалдын кызы Юлиянын ооруканадан чыгышын кубаттап, ага бекем ден соолук каалады. Ушундай эле куттуктоону Орусиянын Британиядагы элчилиги "Твиттер" аркылуу жолдоп, мунун баары Юлиянын өзүнүн ыктыяры менен жасалып жатканына далил талап кылды.

Британиянын премьер-министри Тереза Мей Юлия Скрипалдын ооруканадан чыгышы менен 10-апрелде куттуктады.

- Албетте мен Юлия Скрипалды ооруканадан чыгышы менен куттуктайм жана тезирээк өз калыбына келишин каалайм. Ошондой эле Солсбери ооруканасынын бардык эмгек жамаатына Юлияга жана анын атасына жакшы кам көргөнү үчүн ыраазычылыгымды билдирем.

Британиянын премьер-министри Терезай Мэй. 10-апрель, 2018-жыл.
Британиянын премьер-министри Терезай Мэй. 10-апрель, 2018-жыл.

​4-мартта атасы Сергей менен кошо ууландырылып, эс учун жоготкон абалда ооруканага түшкөн Юлия дээрлик бир айда гана өзүнө келип, сүйлөп баштаган. Солсбери райондук ооруканасынын башчысы Кристина Бланшард 66 жаштагы Сергейдин да саламаттыгы күндөн-күнгө жакшырып баратканын билдирди.

- Эки бейтапка тең, Юлия менен Сергейге биз көрсөткөн дарылоо жыйынтыгын бере баштады, бирок экөөнүн абалы эки башка. Биз Юлияны Солсбери райондук ооруканасынан чыгардык. Ал маалымат каражаттарынан алыс болууну суранды, мен анын суранычын жеткирип жатам. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Юлияга ден соолук каалайм. Бул дарылоо аяктады дегенди билдирбейт. Анын атасынын да саламаттыгы жакшы. Өткөн жума күнү ал оор абалдан чыкты. Ал Юлияга караганда өз калыбына бир аз кечирээк келип жатат, ошентсе да ал жакында ооруканадан чыгат деген ишеничтебиз.

Солсбери райондук ооруканасынын кире бериши.
Солсбери райондук ооруканасынын кире бериши.

​Ал эми Орусиянын Британиядагы элчилиги да Юлияны "Твиттердеги" расмий баракчасы аркылуу куттуктап, "ага байланыштуу жасалып жаткан аракеттердин баары Юлиянын өз ыктыяры менен болуп жатканына далил талап кылабыз" деп жазды.

Мурдагы чалгын офицери кызы экөөнүн ууландырылышын расмий Лондон Москвадан көргөн. Британ бийлиги алар адамдын нервин шал кылчу “Новичок” деген уулу зат менен ууландырылган деген бүтүмгө келген.

Москва Лондондун билдирүүсүн “далили жок” деп четке кагууда.

Буга жооп чара катары Британия, АКШ баштаган жыйырмадан ашуун мамлекет 150дөн ашуун орус дипломаттарын чыгарган.

Дүйшөмбүдө орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Москвага кайткан дипломаттар менен жолугуп, бул "чектен чыккан кадам" экенин билдирди.

- Ойлоп табылган шылтоо менен 150 орус дипломатын чыгаруу бул чектен чыккан чагым. Биз мындай ультиматумга баш ийбейбиз. Орусия мындай тил менен сүйлөшпөйт. Биз өз жарандарыбыздын аброюн жана коопсуздугун коргоо үчүн бардыгын кылабыз.

Буга чейин Кремл Батыш жана Европа өлкөлөрүнө өздөрүнө жараша жооп берип, алардын да дипломаттары Орусиядан чыгарыларын жарыялаган.

8-апрелде айрым медиалар Британия Сергей менен Юлияга аты-жөндөрүн өзгөртүп, АКШда жашай турган программа сунуштоону караштырып жатканын жазышкан.

Sunday Times басылмасы өз булактарына таянып Британиянын атайын кызматтары бул маселени АКШнын Борбордук чалгын кызматы менен талкуулаганын кабарлады. Юлия орус жараны болгондуктан бул кабар Кремлдин тынчсыздануусун жаратты. Лондондогу орус элчилигинин өкүлү эгер Британия мындай кадамга барса, эл аралык укукту одоно бузат деп эсептейт. Британ бийлигиндеги айрым расмий адамдар буга байланыштуу так чечим чыга электигин айтышууда.

XS
SM
MD
LG