Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:58

"Синай Египетке кайтарылган". Жимми Картердин тарыхты өзгөрткөн кадамы


Кошмо Штаттардын 39-президенти Жимми Картер
Кошмо Штаттардын 39-президенти Жимми Картер

Кошмо Штаттардын мурдагы президенти Жимми Картер 100 жашында акка моюн сунду. Ал мамлекетти башкарып турган маалда Израил менен Египеттин ортосундагы биринчи тарыхый тынчтык макулдашуусуна Кэмп-Дэвидде кол коюлган. Израил ошондо Египетке Синай жарым аралын кайтарып берүүгө макул болгон.

Андан тышкары Картердин бийликте отурган төрт жылы Иранда америкалыктар 444 күнгө туткунга алынган кризис менен коштолгон.

“Кошмо Штаттардын 39-президенти, Нобелдин 2002-жылкы Тынчтык сыйлыгынын лауреаты Жимми Картер Жоржия штатындагы Плейнс шаарындагы өз үйүндө, жакындарынын көз алдында кайтыш болду”, - деп жазылат Картер борбору тараткан маалыматта.

АКШнын азыркы президенти Жо Байден “Америка жана дүйнө эли атактуу лидерден, мамлекеттик ишмерден жана гуманисттен айрылганын” билдирди.

Байден Картердин сөөгү Вашингтондо жерге берилер күндү, 9-январды улуттук Аза күтүү күнү катары жарыялады.

Кошмо Штаттарды 1977-1981-жылдары башкарган Картер президент болуп турганда инфляцияны ооздуктап, экономиканы жандантып, Ирандын баш калаасы Тегерандагы элчиликте туткунга түшкөн ондогон америкалыктарды куткара албаса да бийликтен кеткенден кийин дүйнө жүзү боюнча жасаган гуманитардык иштери баалоого арзыйт.

“Кудай бизге тандоо мүмкүнчүлүгүн берет экен. Биз кайгы-капаны жеңилдетүү жолун тандасак болот. Биз тынчтык үчүн бирге иштешсек болот. Биз бул өзгөрүүлөрдү ишке ашыра алабыз, колубуздан келет”, - деген Картер Нобелдин Тынчтык сыйлыгын алып жатып.

Ал Американын бул сыйлыкка татыган биринчи президенти болуп калды.

АКШнын 39-президенти Жимми Картер Нобелдин Тынчык сыйлыгынын лауреаты катары сыйланып жаткан учур. 10-декабрь, 2022-жыл.
АКШнын 39-президенти Жимми Картер Нобелдин Тынчык сыйлыгынын лауреаты катары сыйланып жаткан учур. 10-декабрь, 2022-жыл.

АКШнын мурдагы президенти Барак Обама Картердин “адамгерчилигине” баа берди.

"Жер жаңгак айдаган дыйкан, жакырчылыкта өскөн Картер “баарыбызды адилеттүүлүк, ырайымдуулук менен жашоого ыраазы болуп жашаганды үйрөттү”, - деди Обама.

Ал эми Американын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп өзүнүн Truth Social платформасында: “Жимми президенттик кызматта турган маалда туш болгон көйгөйлөр биздин өлкө үчүн бурулуш маалына туш келди. Ал америкалыктардын жашоосун жакшыртуу үчүн колунан келгендин баарын жасады”, - деп жазды.

"Жакырчылыкта өсүп, дыйканчылык менен байыган"

Жеймс Эрл Картер 1924-жылы Жоржия штатынын Плейнс шаарында туулган. Ал кезде бул калаада 600дөй киши жашачу. Картердин үйүндө электр жарыгы, суу дагы жок эле. Ал Деңиз-аскер академиясын жана Технологиялык институтту аяктаган. Лейтенант чинин алганда алгачкы америкалык суу астынан сүзүүчү кемеде кызмат өтөгөн.

1953-жылы атасы өлгөндөн кийин Картер аскердик кызматтан кетип, үй-бүлөлүк бизнес менен алектене баштаган. Жер жаңгак өстүрүп, анын арты менен байыганга жетишкен.

Картер Жоржия сенатына шайланып, 1970-жылы штат губеранторлугуна шайланган. Көп өтпөй Ак үйгө барууну кыялдана баштайт.

1976-жылы Демократиялык партиядан аттанган Картер ошол кездеги президент Жеральд Фордду жеңген. Ал Жоржия штатынан чыккан биринчи жана азырынча жалгыз президент.

Картер бийликте бир гана мөөнөт отурган.

Жимми Картер биринчи айым Розалина экөө Ак үйдө сый тамак учурунда бийлеп жатышат. 13-декабрь, 1978-жыл.
Жимми Картер биринчи айым Розалина экөө Ак үйдө сый тамак учурунда бийлеп жатышат. 13-декабрь, 1978-жыл.

Президент маалындагы сыноолор

Төрт жыл ичинде анын ортомчулугу менен Израил жана Египеттин ортосундагы биринчи тарыхый тынчтык макулдашуусуна Кэмп-Дэвидде кол коюлган. Израил ошондо Египетке Синай жарым аралын кайтарып берүүгө макул болгон.

Ирандагы америкалык жарандардын туткунга түшүп калышы Картердин бийлиги үчүн негизги сыноо болуп калды.

1979-жылы болгон Ислам революциясы маалында АКШ колдогон Ирандын шахы Мохаммед Реза Пехлеви тактан кулатылып, сүргүндөгү аятолла Рухолла Хомейни башында турган диниятчылар бийликке келген.

Картердин шахка саясий баш калка бериши көптөгөн ирандыктардын кыжырына тийген.

1979-жылы ирандык радикал студенттер АКШынын Тегерандагы элчилигине кирип барып, 52 америкалыкты туткунга алган. Алар шахтын кайтарылышын жана АКШнын кечирим сурашын талап кылышкан.

Картер АКШ ирандыктардын талаптарына көнүүдөн баш тартып, кризис бир жылдан ашуун созулган.

Ирандыктан менен сүйлөшүүлөр жыйынтык бербеген соң, Картер америкалык атайын күчтөрдүн өкүлдөрүнө 1980-жылдын апрелинде туткундарды бошотууну буйруган. Миссия трагедиялуу аяктап, сегиз америкалык аскер набыт болгон.

Ирандагы кризис жана Картердин аны чече албагандыгы президенттик шайлоо өткөн 1980-жылы бардык жаңылыктардын башкы темасы болгон.

Ал шайлоодо мурунку Голливуд актеру, Республикачылар партиясынан талапкер Рональд Рейганга утулуп калган.

Картердин ортомчулугу менен Израилдин жана Египеттин лидерлери тынчтык макулдашуусуна кол коюшкан учур. Вашингтон. 26-март, 1979-жыл.
Картердин ортомчулугу менен Израилдин жана Египеттин лидерлери тынчтык макулдашуусуна кол коюшкан учур. Вашингтон. 26-март, 1979-жыл.

Картердин жетишкендиктери жана Нобел сыйлыгы

Картер президент болгондон кийин башкы максаты Советтер Союзу менен Американын ортосундагы стратегиялык куралдарды чектөө келишимине жетишүү эле. Макулдашуу эки өлкө колундагы өзөктүк куралдын санын чектөөнү улантууга багытталган.

Москвадагы адам укуктары боюнча кырдаалды Картер улам сындап тургандыктан, бул багытта Советтер Союзунун лидери Леонид Брежнев менен сүйлөшүү кыйынга турду. Эки лидер 1979-жылы акыры бул макулдашууга кол коюшкан. Советтер Союзу 1979-жылы декабрь айында Ооганстанга кирип баргандан кийин АКШ Сенаты бул келишимди ратификациялабай койгон. Бирок анын шарттарын эки тарап тең сактап турду.

Кошмо Штаттар 1980-жылы Москвада өткөн Олимпиада оюндарын бойкоттоп, ага катышуудан баш тарткан.

“Советтик күчтөр Ооганстандан 20-февралга чейин чыгып кеткиче АКШ Москвадагы Олимпиада оюндарына катышпай турганын айттым”, - деген Картер.

Картердин бийлиги маалында бир катар жетишкендиктер да болгон. Маселен, ал натыйжалуу улуттук энергетикалык саясатты иштеп чыгып, инфляция жогору болуп турганына карабастан сегиз миллион жаңы жумушчу орунун түзүүгө жетише алган. Мамлекеттик кызматты реформалоо менен Америкадагы федералдык өкмөттүн ишин жакшырта алган.

Картер Кытай менен толук кандуу дипломатиялык алакаларды түзгөнгө жетишкен.

Жимии Картер. 3-февраль, 2016-жыл.
Жимии Картер. 3-февраль, 2016-жыл.

Американын Перс булуңундагы кызыкчылыктарын коргоого багытталган "Картер доктринасы" анын ысымынан аталган.

Ак үйдөн кеткенден кийин Картер саясий ишмердигин токтотуп, гуманитардык долбоорлор менен алектенген. Ал аялы Розалин экөө 1982-жылы негиздеген Картер борбору ондогон мамлекеттердеги шайлоонун таза, адилеттүү өткөрүлүшүн камсыздоого багытталган.

2002-жылы Жимми Картер "эл аралык жаңжалдарды тынч чечүү жолдорун ондогон жылдар бою тынбай изденгени үчүн" Нобелдин Тынчтык сыйлыгына татыган.

Аялы Розалин Картер 2023-жылы ноябрь айында 96 жашында көз жумган.

Шерине

XS
SM
MD
LG