Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:17

Бир нече партия кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылууда

11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо болду.

Ушул эле күнү президенттик башкарууга ыктаган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлду.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча жалпы элдик референдумда 3 606 201 жаран добуш берүүгө укуктуу.

Жалпы шайлоочулардын 30% катышса, референдум өттү деп эсептелет.

Референдумду өткөрүү үчүн 2483 шайлоо тилкеси ачылды. Анын 48и чет мамлекеттерде.

19:33 11.4.2021

Түштүк Кореянын баш калаасы Сеул шаарындагы кыргыз элчилигинде жайгашкан шайлоо участогу Бишкек сааты боюнча 17:00дө жабылды. Шайлоо комиссиясынын төрагасы, Түштүк Кореядагы кыргыз диаспорасынын активисти Эмилбек Калилов Конституциянын долбоору боюнча 11-апрелдеги референдумга мурдагыдан азыраак киши катышканын “Азаттыкка” айтты.

“Бул жерде шайлоо жакшы өттү. 55тей шайлоочу келди. Алардын 50-51 пайызы Конституциянын долбоорун жакташты. 49 пайызы каршы болушту. Баш мыйзамды жактагандар 2 пайызга көбүрөөк болду. Түштүк Кореяда 1470тей кыргыз жараны катталган. Бул жакта добуш берүүчүлөр шайлоого пассивдүү түрдө катышып келген. Адатта тизмедегилердин 10-15 пайызы келип, добуш беришчү. Бул референдумга азыраак келди. 4 пайыздай болуп калды окшойт”, - деди Калилов.

10-январдагы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого жана референдумга Сеул шаарында 150-170тей кыргыз жараны катышканы кабарланган.

19:35 11.4.2021

20:12 11.4.2021

20:29 11.4.2021

Кыргызстандагы бардык добушканалар саат 20.00дө жабылды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, саат 18:00гө карата 1 миллиондон ашык адам добуш берүүгө катышты. Жергиликтүү кеңештерге шайлоого 1 024 891, референдумга 1 061 591 киши келди. 11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо болду.

Ушул эле күнү президенттик башкарууга ыктаган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлду.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча жалпы элдик референдумда 3 606 201 жаран добуш берүүгө укуктуу.

Жалпы шайлоочулардын 30% катышса, референдум өттү деп эсептелет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG