Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:30

Бир нече партия кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылууда

11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо болду.

Ушул эле күнү президенттик башкарууга ыктаган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлду.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча жалпы элдик референдумда 3 606 201 жаран добуш берүүгө укуктуу.

Жалпы шайлоочулардын 30% катышса, референдум өттү деп эсептелет.

Референдумду өткөрүү үчүн 2483 шайлоо тилкеси ачылды. Анын 48и чет мамлекеттерде.

14:17 11.4.2021

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча 11-апрелде саат 14:00гө карата 700 миңдей адам добуш берүүгө катышты. Жергиликтүү кеңешке 674 419, референдумга 700 000 киши келди.

Шаардык кеңештерге 200 367 шайлоочу добуш берип, жалпы шайлоочулардын 19,09% түздү. Ал эми айылдык кеңештер үчүн 474 052 адам добуш берип, жалпы шайлоочулардын 20,90 пайызына барабар болду.

Конституциянын жаңы редакциясына байланыштуу жалпы элдик референдумга добуш бергендер 19,41% жетти. Башкача айтканда 700 000 киши добуш берүүгө келди. Референдум үчүн 3 606 201 киши, жергиликтүү кеңешке 3 318 130 шайлоочу катталган.

14:22 11.4.2021

14:49 11.4.2021

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн дарегине айтылган сөздөргө өлкөдөгү саясий туруктуулук үчүн жооп бербей жатканын айтып, “саясий чайкоочулук кылгысы келгендер бар” экенин билдирди.

Ал бул тууралуу пикирин жергиликтүү кеңешке шайлоо жана Баш мыйзам боюнча референдумга добуш берип чыккандан кийин, журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтканын “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

“Жеке менин дарегиме да ар кыл ойлор, калп-чыны аралаш пикирлер айтылып келет. Мен мунун баарын угуп, көрүп, анализдеп жатам. Албетте, менде да айтылчу сөздөр көп. Бирок азыркы кырдаалда менин сүйлөп, саясатчылар менен талашып-тартышып, диалогго аралашканыма караганда, унчукпай турганым – өлкө үчүн чоң пайда. Анткени, саясий туруктуулук жаңыдан бекемделип келатат. Менин айтканым, дегеним, кырдаалга таасир этпей койбойт. Саясий чайкоочулук кылгандар да жок эмес. Мен ошого жол бергим келбейт”, - деди Жээнбеков.

15:12 11.4.2021

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG