Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:13

Бир нече партия кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылууда

11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо болду.

Ушул эле күнү президенттик башкарууга ыктаган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлду.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча жалпы элдик референдумда 3 606 201 жаран добуш берүүгө укуктуу.

Жалпы шайлоочулардын 30% катышса, референдум өттү деп эсептелет.

Референдумду өткөрүү үчүн 2483 шайлоо тилкеси ачылды. Анын 48и чет мамлекеттерде.

12:11 11.4.2021

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдумга добуш берүү күнүндө кайрылуу таратты. Анда мамлекет башчы тийиштүү органдарга шайлоону таза өткөрүүнү талап кылганын билдирди.

“Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдум административдик ресурстар колдонулбастан, адилеттүү, калыс өткөрүлүшү керек. Биз буга чейинки бийликтин кетирген кемчиликтерин кайталабай, өткөн күндөрдөн сабак алышыбыз зарыл”, - деп айтылат кайрылууда.

Жапаров кыргызстандыктарды шайлоого жигердүү катышууга чакырды. Ал өлкөнүн мындан аркы багыты жарандардын бүгүнкү чечиминен көз каранды экенин белгиледи.

12:13 11.4.2021

Кыргызстандагы 28 шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого 59 саясий партия катышып, 11 782 талапкерди көрсөтүштү.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 11-апрелдеги брифингде билдирди. Анын маалыматына караганда, шаардык кеңештерде жалпы 796 депутаттык орун бар. Азыр бир мандат үчүн орто эсеп менен 14 талапкер ат салышып жатат.

"Шаардык кеңештердин депутаттарына добуш берүү партиялардын талапкерлеринин тизмеси менен жүргүзүлүп, орундар шайлоочулардын добуштарынын 7% ашыгын алган партиялардын ортосунда, добуштардын саны боюнча пропорцианалдуу бөлүштүрүлөт. Айылдык кеңештердин депутаттарына добуш берүү көп мандаттуу шайлоо округдарында ишке ашырылып, көп добуш алган талапкер шайланды деп эсептелет".

БШК төрайымынын айтымында, учурда 420 айылдык кеңештердеги 7560 депутаттык орунга 18 772 талапкер катталды. Бир орунга эки же андан ашык киши атаандаш.

12:13 11.4.2021

Борбордук шайлоо комиссиясынын баштапкы маалыматы боюнча 11-апрелде саат онго карата 172 шайлоочу добуш берди.

Шаардык кеңештерге 49 889 шайлоочу добуш берип, жалпы шайлоочулардын 4,75% түздү.

Ал эми айылдык кеңештер үчүн 122 250 адам добуш берип, жалпы шайлоочулардын 5,39 пайызына барабар болду.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова добуш берүүчүлөрдүн активдүүлүгү Ош шаарында байкалып, жалпы 151 671 шайлоочунун 11 976сы добуш бергенин кабарлады. Активдүүлүк Сүлүктү, Исфана шаарларында да байкалууда.

Конституциянын жаңы редакциясына байланыштуу жалпы элдик референдумга добуш бергендер 5% жетти. Референдумга шайлоочулардын 30% добуш берсе өттү деп эсептелет.

12:15 11.4.2021

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG