Президент Садыр Жапаров Чоң-Арыктагы №1053 шайлоо участкасында добуш берди.
Ал жергиликтүү кеңешке шайлоо жана Баш мыйзам боюнча референдумга добуш берип жатып, кыргызстандыктарды референдумга активдүү катышууга чакырды.
“Отуз жыл аралыгында Конституцияга көп жолу өзгөртүүлөр киргизилди. Бирок кайсы бир мамлекеттен же кайсы бир булактардан Конституциянын долбоорун көчүрүп жазып алып, ошону менен жашап келдик. Биринчи жолу Конституциянын долбоорун аксакалдар, академик, юридикалык докторлор болуп жүзгө жакын адамдын катышуусу менен өзүбүз иштеп чыгып, түз эфирде элдин талкуусу менен ачык даярдап чыккан Баш мыйзамды кабыл алуу алдында турабыз”, - деди президент.