Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:34

Бир нече партия кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылууда

11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо болду.

Ушул эле күнү президенттик башкарууга ыктаган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлду.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча жалпы элдик референдумда 3 606 201 жаран добуш берүүгө укуктуу.

Жалпы шайлоочулардын 30% катышса, референдум өттү деп эсептелет.

Референдумду өткөрүү үчүн 2483 шайлоо тилкеси ачылды. Анын 48и чет мамлекеттерде.

23:03 11.4.2021

Кыргызстан социал-демократтар партиясынын бир нече өкүлү Борбордук шайлоо комиссиясынын алдына нааразылык акциясына чыгышты.

Алар шайлоо таза өтпөгөнүн айтып, анын жыйынтыгын жокко чыгууну талап кылууда.

КСДП партиясынан Бишкек шаардык кеңешине талапкер болгон Темирлан Султанбеков бир нече партияны - «Эмгек», «Ынтымак», «Ак Бата» жана НДПК партияларын добуш сатып алган деп сындады. Алар алган добуштардын жыйынтыгын жокко чыгарып, калган добуштарды кайрадан эсептеп чыгыш керек деген оюн билдирди. Аталган партиялардын өкүлдөрүнөн КСДПнын дооматы тууралуу комментарий алууга мүмкүн боло элек.

23:02 11.4.2021

22:51 11.4.2021

Ош шаардык кеңешине ат салышкан алты партия добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылууда.

Алар - "Улуттар Биримдиги", "Республика", "Бүтүн Кыргызстан", "Ишеним", "Улуу журт" партиялары.

Партиянын өкүлдөрү биргелешкен билдирүүдө 11-апрелдеги шайлоону "эң ыплас өттү" деп сындап чыгышты.

Жергиликтүү бийлик административдик ресурс пайдаланды деп айыптады. Шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын белгилешип, аны жокко чыгарып, кайра шайлоо дайындоого БШКны, бийликти чакырышууда. Талаптары аткарылбаса, нааразылык акцияга чыга турганын маалымдашты.

"Ата Журт - Кыргызстан" партиясынын пайдасына "административдик ресурс колдонулду, бийлик ушул партиянын пайдасына иштеди" деп сынга алышты.

Нааразылык билдирген партиялардын катарында 7% чектен ашкандар да бар.

Ош шаардык кеңешине шайлоонун баштапкы жыйынтыгында автоматтык эсеп боюнча төрт партиянын алган добуштары 7% чектен ашты. "Ата Журт Кыргызстан" алган добуштар 48% ашып, алдыда баратат. Андан кийин "Улуттар Биримдиги", "Ыйман Нуру" , "Ынтымак" партиялары турат.

"Ата Журт - Кыргызстан" жана жергиликтүү бийлик алты партиянын сынына комментарий бере элек. (

22:49 11.4.2021

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG