Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:33

Бир нече партия кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылууда

11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо болду.

Ушул эле күнү президенттик башкарууга ыктаган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлду.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча жалпы элдик референдумда 3 606 201 жаран добуш берүүгө укуктуу.

Жалпы шайлоочулардын 30% катышса, референдум өттү деп эсептелет.

Референдумду өткөрүү үчүн 2483 шайлоо тилкеси ачылды. Анын 48и чет мамлекеттерде.

13:48 11.4.2021

13:40 11.4.2021

13:29 11.4.2021

Ысык-Көлдө шайлоо тилкелерине келген айрым жарандар добуш берүүдөн баш тартышты.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын аймакмагы өкүлү Айбек Сатиев "Азаттыкка" сүйлөп жатып билдирди.

"Таңдан бери облустагы бардык шайлоо тилкелери иштеп жатат. Элдин активдүүлүгү орто. Бирок мага айрым шайлоо тилкелеринин төрагалары, төрайымдары маалымат берген. Ага ылайык, кээ бир шайлоочулар референдумга байланыштуу добуш берүүдөн такыр эле баш тарткан. Ал эми айрымдары жергиликтүү кеңешти шайлоонун кажети жок деп эсептеген. Бул ар бир шайлоочунун өз укугу", - деди Айбек Сатиев.

13:22 11.4.2021

Кочкор районуна караштуу Чолпон айылында 4150 шайлоо тилкесинде жана Кочкор айылындагы 4134 шайлоо тилкесиндеги урналар алмашылды. Урналар бюллетендерди кабыл албай калгандыктан акт түзүлүп, ордуна башка урналар коюлду.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG