Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:26
4-октябрь, 2020-жыл.
4-октябрь, 2020-жыл.

Шайлоо: сатылган добуш, ташылган эл, сакталбаган аралык

Бүгүн кыргызстандыктар парламенттин жетинчи чакырылышына ат салышкан партиялар үчүн добуш берди.

16 партия ат салышып жаткан шайлоодо добуш берүү үчүн 2475 тилке даярдалган, анын 35и чет мамлекеттерде.

БШКнын соңку маалыматына ылайык, добуш берүүгө укуктуу жарандардын соңку такталган саны - 3 523 554.

Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөн 557 856 жаран шайлоого катыша албайт.

Жогорку Кеңеште 120 депутаттык орун бар.

18:57 4.10.2020

Нурболот Азамат

Үмүттү өчүрүп, жүрөктү ооруткан видеолорду көргөн соң, маанайым суз барып алгачкы жолу жарандык милдетимди аткарып чыктым.

Келаткан жолдо "Глобус" маркети турган экен. Кирип, 2000 сомго эмне сатып алса болорун тизмектедим: Өзгөн күрүчү - 163 с. (1 кг) Кумшекер - 250 с. (5 кг) Сүт - 40 с. (1 куту) "Чемпион" чайы - 227 с. (250 гр) "Акун" уну - 384 с. (1-сорт, 10 кг) "Шедевр" суу майы - 459 с. (5 л) Каймак май - 74 с. Телефонго бирдик - 50 с. "Кыргыз арагы" - 348 с. (0.75 л) Жалпы: 1995 с.

Миң жылдык тарыхы бар, эчендеген эрлердин каны менен курулган касиеттүү мамлекетинин алдыдагы тагдырын 1 жумалык азык-түлүктүн баасына баалаган эл адамзат тарыхында болбогондур...

Кечир, Мекен... Башка не дейин...

18:58 4.10.2020

Жалал-Абад шаарындагы №2095 шайлоо тилкесинде эки мыйзам бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу «Азаттыктын» кабарчысына участоктун төрайымы Алтынай Сыдыкова билдирди. Саат 10:50дө «Биримдик» партиясын шайлаганын көрсөтүш үчүн добуш берүүчү телефонго сүрөт тарткан. Ал эми экинчи мыйзам бузууда «Мекенчил» партиясын шайлаганын далилдеп сүрөткө тарткан шайлоочу катталды. Бул эки учур тең укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

18:59 4.10.2020

19:00 4.10.2020

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG