Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:39
4-октябрь, 2020-жыл.
4-октябрь, 2020-жыл.

Шайлоо: сатылган добуш, ташылган эл, сакталбаган аралык

Бүгүн кыргызстандыктар парламенттин жетинчи чакырылышына ат салышкан партиялар үчүн добуш берди.

16 партия ат салышып жаткан шайлоодо добуш берүү үчүн 2475 тилке даярдалган, анын 35и чет мамлекеттерде.

БШКнын соңку маалыматына ылайык, добуш берүүгө укуктуу жарандардын соңку такталган саны - 3 523 554.

Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөн 557 856 жаран шайлоого катыша албайт.

Жогорку Кеңеште 120 депутаттык орун бар.

19:17 4.10.2020

19:17 4.10.2020

19:34 4.10.2020

19:35 4.10.2020

Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдагандай, 4-октябрь, саат 18:00го карата 1 млн. 594 миң 763 шайлоочу добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 45,26% түзөт.

Маалыматка ылайык, добуш берүүнүн активдүүлүгү жагынан Ош шаары алдыда - 101 271 шайлоочу добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 56,27% түзөт.

Экинчи орунда Жалал-Абад облусу. Аталган аймакта шайлоочулардын 47,14% добуш берди. Андан кийин 46,58% менен Ош облусу, 46,48% менен Талас облусу.

Нарын облусунда шайлоочулардын 45,37%, Бишкек шаарында 44,83%, Чүй облусунда 44,39% шайлоочулар добуш беришти.

Активдүүлүгү төмөн жагынан Баткен облусу - 40,58% жана Ысык-Көл облусунда 40,39% добуш берилди. Чет өлкөлөрдөн 6554 кыргызстандык жаран добуш берди.

Орусияда Южно-Сахалинск жана Владивосток шаарларында добуш берүү аяктады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG