Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:44
4-октябрь, 2020-жыл.
4-октябрь, 2020-жыл.

Шайлоо: сатылган добуш, ташылган эл, сакталбаган аралык

Бүгүн кыргызстандыктар парламенттин жетинчи чакырылышына ат салышкан партиялар үчүн добуш берди.

16 партия ат салышып жаткан шайлоодо добуш берүү үчүн 2475 тилке даярдалган, анын 35и чет мамлекеттерде.

БШКнын соңку маалыматына ылайык, добуш берүүгө укуктуу жарандардын соңку такталган саны - 3 523 554.

Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөн 557 856 жаран шайлоого катыша албайт.

Жогорку Кеңеште 120 депутаттык орун бар.

09:43 4.10.2020

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо күнүндө санитардык гигиеналык алгоритмди иштеп чыккан. Ага ылайык добушканага кирчү ар бир адамдын дене табы текшерилет. 1,5-2 метрлик аралыкты сактоо талап кылынып, беткабы жок келгендер үчүн кошумча 3 миллион 410 миң маска, 9 миң куту нымдуу салфетка, 36 440 куту спирттүү салфетка, 10 400 литр санитайзер, 2 миллион 972 миң желим колкап даярдалды. Мындан тышкары шайлоого келген адамдарды участоктун босогосунда жеке коргоочу каражат кийген адамдар текшерип турмакчы.

Саламаттык сактоо министрлиги, Борбордук шайлоо комиссиясы дене табы жогорулагандар саат кечки алтыдан кийин добуш берерин билдирди. Буга чейинки алгоритмде алар добушканага киргизилбей тургандыгы кабарланган.

4-октябрда парламенттин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо коронавирус пандемиясынын шартында өткөнү жатат. Шайлоого 16 партия ат салышууда.

09:45 4.10.2020

Добуш берүү күнү Өкмөт үйүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүнүн уюштуруучулук маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык жактан камсыздоодо шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын call-борбору иштеп жатат. Шайлоо күнүндө болуп жаткан мыйзамсыз көрүнүштөр, электр жарыгынын өчүүсү, Интернеттин жетпей калганы же беткап тартыштыгы болсо добуш берүүчүлөр бул борборго чалып, маалымат ала алышат.

Ишеним номурлар азырынча Бишкекте эле иштөөдө. Төмөндөгү номурлар кайрылууларды кабыл алат: (0312) 66 28 58, 62 51 19, 66 28 51, 96 14 54, 96 03 11, факс (0312) 66 61 97.

09:47 4.10.2020

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-октябрда Бишкектеги №5 компьютердик гимназияга жайгашкан шайлоо участогуна келип добуш берди.

Добуш бергенден кийин журналисттерге "Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоодо бир да партияга артыкчылык көрсөтүлүп же кысым жасалган жок" деп билдирди.

"Бардык партияларга бирдей шарт түзүлдү. Мамлекеттик телеканалдардан партиялардын дебаттары ачык берилди. Сын пикирлерди айтууга эч кандай тоскоолдук болгон жок. Программаларын да эркин айтышты. Шайлоо өнөктүгү курч маанайда өттү".

Мамлекет башчы шайлоо өнөктүгүн чагылдырууда журналисттердин да салымы чоң болгонун белгилеп, ыраазычылык билдирди. Президент Жээнбеков бул жараяндан өлкөдө күчтүү жарандык коом, сөз эркиндиги бар экени байкалганын белгиледи. Ал ошондой эле президент катары шайлоонун ачык-айкын өтүшүнө шарт түзүп бергенин кошумчалады:

"Президент катары мен шайлоонун ачык-айкын өтүшүнө мыйзам алкагында бардык милдеттеримди аткардым. Болушунча шарт түздүм. Добуш берүүгө бардык мекендештеримди чакырам. Шайлоочунун добуш баарын чечет. Кайдыгер болбой, добушуңарды бергиле. Ар бир жарандын добушу мамлекеттин келечегине таасир этет. Бүгүн бизге дүйнө көз салып турат. Добуш берүүнүн жыйынтыгына эч кандай шек саноо болбошу керек. Биз үчүн коомдун стабилдүүлүгү, элдин тынчтыгы абдан бийик. Муну унутпайлы".

09:56 4.10.2020

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG