Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:02
4-октябрь, 2020-жыл.
4-октябрь, 2020-жыл.

Шайлоо: сатылган добуш, ташылган эл, сакталбаган аралык

Бүгүн кыргызстандыктар парламенттин жетинчи чакырылышына ат салышкан партиялар үчүн добуш берди.

16 партия ат салышып жаткан шайлоодо добуш берүү үчүн 2475 тилке даярдалган, анын 35и чет мамлекеттерде.

БШКнын соңку маалыматына ылайык, добуш берүүгө укуктуу жарандардын соңку такталган саны - 3 523 554.

Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөн 557 856 жаран шайлоого катыша албайт.

Жогорку Кеңеште 120 депутаттык орун бар.

10:09 4.10.2020

10:14 4.10.2020

10:22 4.10.2020

Талас облусунун губернатору Марат Мураталиев Талас шаарындагы 6113 участогунда добуш берип жатып, коопсуздук эрежелерге токтолду:

"Үгүт учурунда бир канча штабдын өкүлдөрүнө беткапсыз жүргөнү үчүн, көп киши топтогондорго эскертүүлөр берилди. Шайлоого бардык даярдыктар көрүлдү. Бардык добушканалар коргоочу каражаттар менен камсыз болду".

Таластагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев.
Таластагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев.

Жалпы облус аймагында 117 шайлоо тилкеси, 149 058 шайлоочу бар. №2 форма менен 17 151 адам катталган. Алардын жети миңден ашууну Талас шаарынын он участогунда каттоого турган.

Облустук ички иштер башкармалыгы кабарлагандай Таласта 700 милиция кызматери тартипке көз салып жатат.

10:22 4.10.2020

Талас шаарындагы 108 шайлоо участогунда урна иштебей узун кезек пайда болду. Талас шаардык маданият бөлүмүндө кезекте 50дөн ашык адам жана бир нече машине турат. "Азаттык" радиосу сурамжылоо жүргүзгөндө алардын басымдуу бөлүгү айылдардан келип, №2 форма менен добуш беришерин айтышты. Айрым шаар тургундары өздөрү жашап, катталган жерден добуш бере албай жатканына нааразы болушту.

Кезек күткөндөрдүн көбү Покровка, Кең-Арал айылдарынан келишкен. Бул жолку шайлоодо Талас облусу боюнча 17 миңден ашык добуш берүүчү №2 форма толтурган. Алардын 7 миңи Талас шаарындагы он участокто катталган.

Ушул эле участокто “Мекеним Кыргызстан” партиясынын өкүлү менен байкоочулардын ортосунда чыр чыкты. Байкоочулар партиянын өкүлү тизме менен белгилеп текшерип жатканын айтып чыгышты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG