Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:03
4-октябрь, 2020-жыл.
4-октябрь, 2020-жыл.

Шайлоо: сатылган добуш, ташылган эл, сакталбаган аралык

Бүгүн кыргызстандыктар парламенттин жетинчи чакырылышына ат салышкан партиялар үчүн добуш берди.

16 партия ат салышып жаткан шайлоодо добуш берүү үчүн 2475 тилке даярдалган, анын 35и чет мамлекеттерде.

БШКнын соңку маалыматына ылайык, добуш берүүгө укуктуу жарандардын соңку такталган саны - 3 523 554.

Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөн 557 856 жаран шайлоого катыша албайт.

Жогорку Кеңеште 120 депутаттык орун бар.

21:05 4.10.2020

21:01 4.10.2020

20:24 4.10.2020

20:09 4.10.2020

Соңку маалыматтарга караганда саат 19.00гө карата шайлоо маалындагы мыйзам бузуулар боюнча Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 21 факты катталды.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) өкүлү Султан Маликов 4-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) өткөн брифингде билдирди.

Анын маалыматына караганда, катталган фактылардын 14ү кылмыштар, жетөө жоруктарга байланыштуу. Негизинен добуш сатып алуу боюнча фактылар көп.

«21 фактынын ичинен 11и добуш сатып алуу боюнча. Калгандары шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу жана майда бейбаштык болуп эсептелет. Бишкек шаарында үч факты, Жалал-Абад менен Ош облустарында бештен, Чүйдө алты факты. Баткен менен Нарын облустарында бирден катталды. Андан тышкары каттоо журналына 74 маалымат катталып ИИМде текшерилип жатат»,- деди Маликов.

Кыргызстанда жетинчи чакырылыштагы парламентке депутаттарды шайлоо өтүп жатат.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) ыкчам аракеттенүү боюнча координациялык тобуна саат 17.00гө карата 79 арыз түшкөнү жарыяланган.

Добуш берүүлөр ар кандай мыйзам бузуулар менен коштолуп жатканын шайлоочулар билдирип, сүрөт-видеолорду Интернетке жарыялап жатышат. Шайлоо 20.00дө аяктап, добушканалар жабылышы керек. БШК баштапкы жыйынтык 22.00дө белгилүү болот деп кабарлады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG