Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:12
4-октябрь, 2020-жыл.
4-октябрь, 2020-жыл.

Шайлоо: сатылган добуш, ташылган эл, сакталбаган аралык

Бүгүн кыргызстандыктар парламенттин жетинчи чакырылышына ат салышкан партиялар үчүн добуш берди.

16 партия ат салышып жаткан шайлоодо добуш берүү үчүн 2475 тилке даярдалган, анын 35и чет мамлекеттерде.

БШКнын соңку маалыматына ылайык, добуш берүүгө укуктуу жарандардын соңку такталган саны - 3 523 554.

Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөн 557 856 жаран шайлоого катыша албайт.

Жогорку Кеңеште 120 депутаттык орун бар.

20:00 4.10.2020

19:56 4.10.2020

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Ошто шайлоочуга белги коюлган бюллетень берилгени тууралуу маалыматты текшерет. Бул тууралуу 4-октябрда «Азаттыкка» БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева билдирди.

Ош шаарындагы №5551 шайлоо участогунда «Биримдик» партиясынын тушуна белги коюлган бюллетень менен добуш бергени бараткан шайлоочу тууралуу видео Интернетке тарады. Анда «Т-Медиа» басылмасынын журналисттери шайлоочуга алдын-ала белгиленген бюллетень берилгенине күбө болушканы айтылууда.

Бюллетень таратып жаткан кызматкер муну атайын жасабаганын билдирди, калгандарын текшергенде белги коюлбаганы аныкталды.

19:54 4.10.2020

Талас облусунун Кеңеш айылында № 6075 добушканасында "Биримдик" партиясы акча таратып жатканын видеого тарткан байкоочулар аларды коркутуп жаткандар болгонун "Азаттыкка" билдиришти. Байкоочулар тарткан видео соцтармакка тарагандан кийин белгисиз адамдар чалып, коркутканын айтышты. Аталган участокто 435 адам катталган.

Талас облусундагы Кеңеш айылында жайгашкан №6075 участкасында “Биримдик” партиясынын өкүлү делген белгисиз адам автоунаасынын ичине отуруп алып, паспортун көргөзгөн жаранга акча берип жаткан видео социалдык медиада тарады.

Бюллетенди сүрөткө тартып алуу боюнча Бишкек, Ош шаарларында да бир нече учур катталып, атайын акт түзүлдү. Добуш берген партиясын сүрөткө тарткандардын арасында белгилүү актер Бектемир Мамаюсупов да бар.

19:43 4.10.2020

Талас облусундагы Кеңеш айылында жайгашкан №6075 участогунда «Биримдик» партиясынын өкүлү деген белгисиз адам машиненин ичинен отуруп алып, паспортун көргөзгөн жаранга акча берип жаткан видео социалдык медиада тарады.

Аталган партиянын шайлоо бюллетениндеги тушуна даяр белги коюлган учурду Ош шаарындагы шайлоо тилкелеринин биринен «Т-Медиа» теле каналынын кабарчылары да тартып алган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов бул тууралуу: «Бул окуя тиешелүү ыкчам чара көрүү тобу тарабынан иликтенип, шайлоо комиссиясына сунуш берилет. Муну ыкчам түрдө ишке ашырабыз. Шайлоонун жыйынтыгы чыккыча окуяны териштирип, тиешелүү жыйынтык чыгарабыз», - деген түшүндүрмө берди.

Бюллетенди сүрөткө тартып алуу боюнча Бишкек, Ош шаарларында да бир нече учур катталып, атайын акт түзүлдү. Добуш берген партиясын сүрөткө тарткандардын арасында белгилүү актер Бектемир Мамаюсупов да бар.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG