Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:48
4-октябрь, 2020-жыл.
4-октябрь, 2020-жыл.

Шайлоо: сатылган добуш, ташылган эл, сакталбаган аралык

Бүгүн кыргызстандыктар парламенттин жетинчи чакырылышына ат салышкан партиялар үчүн добуш берди.

16 партия ат салышып жаткан шайлоодо добуш берүү үчүн 2475 тилке даярдалган, анын 35и чет мамлекеттерде.

БШКнын соңку маалыматына ылайык, добуш берүүгө укуктуу жарандардын соңку такталган саны - 3 523 554.

Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөн 557 856 жаран шайлоого катыша албайт.

Жогорку Кеңеште 120 депутаттык орун бар.

16:14 4.10.2020

Бишкек шаарындагы Бишкек гуманитардык университетинин имаратында жайгашкан №1046 участогунда «Республика» жана «Ата Мекен» партиясынын байкоочулары бюллетенди сүрөткө тартып жаткан шайлоочуну байкашып, участокто бул боюнча акт түзүлдү.

Шайлоочу «Мекеним Кыргызстан» партиясына добуш берип, бюллетенин сүрөткө тартып жаткан жеринен кармалган. Териштирүү жүргөндөн кийин шайлоочунун бюллетени жараксыз деп табылганын «Ата Мекен» партиясынын штабы «Азаттыкка» кабарлады.

БШКнын чечими менен шайлоо бюллетенин сүрөткө же видеого тартууга болбойт. Буга чейин БГУнун имаратында жайгашкан шайлоо тилкесине №2 форма менен барып добуш берүүнү каалагандардын калың кезегине «Азаттык» радиосунун кабарчысы да күбө болуп келген эле.

16:11 4.10.2020

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына ылайык Бишкек убактысы боюнча 14:00гө карата чет өлкөлөрдөгү шайлоо тилкелеринен 3585 шайлоочу добуш берди. Орусиянын Москва, Санкт-Петербург, Түштүк Сахалин, Владивосток, Красноярск, Новосибирск, Екатеринбург, Якутск, Сургут шаарларында шайлоо тилкелери бар.

Орусияда акыркы маалыматтар боюнча 600 миңдей кыргызстандык миграцияда, алардын ичинен 17 миң шайлоочу катталган.

Мындан тышкары Жапонияда, Түштүк Кореяда, Кытайда, Малайзияда, Индияда, Пакистанда, Казакстанда, Өзбекстанда, Тажикстанда, Азербайжанда, Бириккен Араб Эмираттарында, Түркияда, Германияда, Украинада, Астрияда, Италияда, Францияда, Улуу Британияда жана АКШда да шайлоо тилкелери бар.

14:20 4.10.2020

14:19 4.10.2020

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG