Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:08

Белградда улутчулдар жүрүшкө чыгышты


Ашынган улутчулдардын жүрүшү. Сербия, Белград. 24-март, 2019-жыл.
Ашынган улутчулдардын жүрүшү. Сербия, Белград. 24-март, 2019-жыл.

Сербия менен Косоводо НАТОнун аба чабуулдарынын 20 жылдыгы белгиленди. 24-мартта Белградда ашынган улутчулдардын жүрүшү өтүп, аба соккулардын курмандыктары эскерилди. Приштина 24-мартты Косовонун тарыхындагы бурулуш күн катары майрамдады.

Сербиянын башкалаасы Белградда жекшембиде ашынган улутчул Серб радикал партиясынын ондогон тарапкерлери НАТОнун аба чабуулдарынын 20 жылдыгына карата жүрүшкө чыгышты. Алар «Евробиримдик + НАТО - Сербиянын душмандары» деген жазууларды көтөрүп турушту. НАТО жана Евробиримдиктин желектерин өрттөштү.

"Биз НАТО менен Европа Биримдиги тууралуу ушундай ойдобуз", - деди партиянын жетекчиси Воислав Сесель жалбырттап күйгөн желектерди колуна кармап.

Жүрүштүн катышуучулары босниялык сербдердин мурдагы лидери Радован Каражичти өмүр бою эркинен ажыраткан Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунун өкүмүн сынга алышты. Сеселдин өзүн да Эл аралык трибунал адамзатка каршы кылмыштары үчүн күнөөлүү деп таап, соттогон.

Сербиянын ашынган улутчулдары президент Александр Вучичтин бийлигине каршы чакырыктарды да таштады. Президенттин кеңсесинин алдына Сеселдин 1995-жылы Серебреницадагы сегиз миңдей мусулман эркектердин кыргынын "геноцид" катары тааныбаган эки китебин калтырышты.

Ашынган улутчулдар лидери Воислав Сесель менен. 24-март, 2019-жыл. Белград.
Ашынган улутчулдар лидери Воислав Сесель менен. 24-март, 2019-жыл. Белград.

Ошол эле маалда Сербиянын расмий бийлик өкүлдөрү 1999-жылы НАТОнун аба соккусунда өлгөндөрдү эскерүү зыйнатына катышты.

Ушул эле күндү Косово калкы улуттук боштондук күнү катары белгилешти:

"1999-жылдын 24-марты биз үчүн маанилүү күн. Анткени НАТО Косовонун армиясына жардам берген. Армия жерде салгылашып жаткан кезде, серб күчтөрүнө абадан сокку урганы чоң көмөк болгон", - деди косоволук Гзим Османи.

НАТО 1999-жылдын 24-мартында косоволук албандарды жапырт өлтүрүүгө каршы Белградга абадан сокку ура баштаган. Ошол жылдын 10-июнуна чейин созулган операциялар карапайым косоволук албандарды Сербия коопсуздук күчтөрүнүн кыргыны менен куугунтугунан куткаргандыктан, Косовонун эли бул күндү "бурулуш доору" деп эсептейт. Жекшембиде Косовонун боштондук армиясында кызмат өтөгөн жоокерлердин үй-бүлөлөрү алардын Глогжан кыштагындагы бейитине барып эскеришти. 1990-жылдардагы Балкан согушу маалында ушул айылда Косово армиясы менен Сербиянын күчтөрү кагылышкан.

Эскерүүгө катышкан Косовонун премьер-министри Рамуш Харадинай НАТОнун операцияларын "гумандуу чечим" деп атады:

"Косово эли коргоого муктаж болчу. Ал кезде биз геноцид коркунучунда калганбыз. Ошондуктан бизге жардам абдан керек эле. Бул операциянын көмөгү менен бейкүнөө өмүрлөр сакталды".

Рамуш Харадинай Балкан согушу учурунда Косовонун боштондук армиясынын кол башчысы болгон. Ал жетектеген армия 1990-жылдардын этегинде Сербиянын ошол кездеги лидери Слободан Милошевичке каршы көтөрүлүп, анын натыйжасында НАТОнун авиациялык колдоосу менен серб күчтөрүнүн аракеттери токтотулган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG