Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:02

"Соо жери калбаптыр". Наристенин үрөй учурган өлүмү


Киши колдуу болгон кыздын жаназасына чогулган эл. Жибек Жолу айылы, Казакстан. 14-июль, 2023-жыл.
Киши колдуу болгон кыздын жаназасына чогулган эл. Жибек Жолу айылы, Казакстан. 14-июль, 2023-жыл.

Казакстандын Түркстан облусунда беш жашар кыздын өлүмүнө шек саналып кармалган 48 жаштагы тургун эки айга камакка алынды. Ага "адам өлтүрүү" жана "сексуалдык зомбулук көрсөтүү" беренелери менен айып тагылганын облустук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Тергөөнүн баштапкы маалыматында шектүү ошол күнү мас абалында болгону айтылууда. Ал көчөдө ойноп жүргөн баланы “ырдап берем” деп азгырып, үйүнүн короосуна киргизгени белгиленген.

Казакстандын Түркстан облусундагы Жибек Жолу (казакча аталышы Жибек Жолы) айылында 13-июлда беш жаштагы кыз киши колдуу болду. Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн наристенин денеси коңшусунун үйүнөн табылган.

Кыздын өлүмү жергиликтүү тургундардын үрөйүн учуруп, укук коргоо органдарынан шектүүнү элдин колуна салып берүүнү талап кылышты. Айылга полиция келип, интернет өчүрүлдү.

14-июлда түш ооп калганда Жибек Жолу айылынын жашоочулары беш көкүл кызды акыркы сапарга узатты.

Сөөктү өлүкканадан күндүзгү саат 11де алып чыгышкан. Маркумдун үйүнө туугандарынан башка чоочун адамдарды киргизишкен жок. Кайгыдан бүк түшкөн кыздын энеси бир канча ирет эстен танды.

Бир нече жолу эсин жоготкон кыздын энесине "Тез жардам" кызматынын медиктери алгачкы жардамды көрсөтүп жатышты.
Бир нече жолу эсин жоготкон кыздын энесине "Тез жардам" кызматынын медиктери алгачкы жардамды көрсөтүп жатышты.

Тажияга келген айылдаштар үйдү кайтарган полиция жана акимчиликтин кызматкерлеринен шектүүнү өткөрүп берүүнү суранышты. Алар баланы издөө ишине полиция кайдыгерлик кылганын айтып, нааразы болуп жатышты.

Жаназа саат түшкү саат экиде, айылдагы мечитте окулду. Сөөктү жайга коюу үчүн алып баратканда айрым туугандар табытты ачып, кыздын денесиндеги жарааттарды видеого тартуу керектигин айтышты.

Бирок жарандык кийимчен адамдар кыздын атасын чогулгандардын тилин албоого чакырды.

Наристени акыркы сапарга узатып бараткандар. Жибек Жолу, Түркстан облусу. 14-июль, 2023-жыл.
Наристени акыркы сапарга узатып бараткандар. Жибек Жолу, Түркстан облусу. 14-июль, 2023-жыл.

"Балапаным, сени сактай албадым" деп чырылдап, эсин жоготкон кыздын энесине "Тез жардам" кызматынын дарыгерлери дары берип жатышты. Бул көрүнүш ошол жерде тургандардын баарын ыйлатты.

"Өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн"

13-июлда түштөн кийин жоголгон кызды адегенде ата-энеси менен туугандары издеп, андан кийин аларга айылдаштары жардамга келген.

"Саат түшкү бирден өткөндө үйдөн чыккан. Алты мүнөттөн кийин чакырып, таппай калдым. Айлана-тегеректин баарын карадык, айылды тинтип чыктык. Жашоочулар менен бирге издөө ишин уюштурдук", - дейт кыздын энеси.

Баланын атасы мурда соттолгон коңшусунан шек санап, үйүнө барган. Бирок кызын тапкан эмес. Үчүнчү жолу шектүүнүн үйүнө айылдаштары кирген. Алар кокусунан кыздын көйнөгүн көрүп калгандан кийин бөлмөлөрдү тинте башташкан.

"Кыз саат кечки тогузга жакын чатырдан табылган. Денесинде соо жери калбаптыр. Оюна келгенин жасаган экен. Жети-сегиз жолу бычак шилтептир. Өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн", - деди кыздын атасы.

Беш жашар кыздын атасы.
Беш жашар кыздын атасы.

Баланын ата-энесинин айтымында, алар коңшусу менен мурда-кийин чырдашып же сүйлөшкөн эмес.

"Ал мурда да соттолгон. Экинчи жолу кылмыш кылганда жазадан жеңил кутулуп кеткенин билчүбүз. Эгер укук коргоо органдары кылмышкерлерди жазалап турса, ушундай окуя болот беле? Аны эркиндикке чыгарып жиберген кызматкерлерди таап, жазалоону талап кылам", - деди кыздын атасы.

Кыздын сөөгүн Ержан Ахметов аттуу айыл тургуну тапкан. Ал шектүүнүн үйүнүн чатырына чыкканда ошол жерде жаткан шиферди басып алган. Бут алдында бир нерсе бар экенин сезген Ержан шиферди көтөрүп жибергенде өлүп калган баланы көргөн.

"Андан ары эмне болгону эсимде жок", - дейт Ахметов.

Наристенин өлүмүнөн кийинки кагылыш

14-июлда Сарыагаш районундагы Жибек Жолу айылынын кире беришинде полиция кызматкерлери тизилип турду. Алар айрыкча жашоочулар менен күч кызматкерлери кагылышкан калктуу бөлүктө чыңдоону күчөтүштү. Чыр айыл тургундары полициядан "өзүбүз жазалайбыз" деп шектүүнү өткөрүп берүүнү талап кылганда чыккан.

Полициянын облустук департаменти айылда кагылышуу болгонун ырастап, бирок кырдаал жөнгө салынганын билдирди. Жибек Жолу айылында азыр да полиция кызматкерлери жүргөнүн көрүүгө болот, алар шектүүнүн дагы, киши колдуу болгон кыздын ата-энесинин үйүн дагы күзөтүп турушат.

Айылда интернет өчүрүлүп, түндө Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы өткөрүү пункттары жабылганы маалым болду. Жибек Жолу айылы эки мамлекет чектешкен жерде жайгашкан.

Жибек Жолуга келген полициянын машинеси.
Жибек Жолуга келген полициянын машинеси.

"Адам өлтүрүү" беренеси менен иш козголду

Полиция иликтеп, тергөө иши "өзгөчө көзөмөлдө" жүрүп жатканын билдирди.

"Азыркы факт "Адам өлтүрүү" беренеси менен катталды. Экспертиза дайындалды. Сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат. Шектүү Сарыагаш райондук полиция бөлүмүндө кармалып турат. Бардык кырдаал териштирилет", - деп жазылган Түркстан облусунун полиция департаменти 14-июлда тараткан билдирүүдө.

Билдирүүдө окуя болгон жерге аймактын полиция департаментинин жетекчиси, облус прокурору, тергөө-ыкчам тобу барганы кошумчаланган.

14-июлда Акордо "Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Түркстандагы Сарыагаш районунда болгон кырсыктан кабардар" деген маалымат таратты.

"Маалыматка караганда, шектүү буга чейин адам өлтүрүүгө айыпталып, он жылга соттолгон. Быйыл атайылап бирөөнүн ден соолугуна залака келтиргени үчүн үч жылга эркинен шартуу ажыратылган. Мамлекет башчы бул жылы чыккан өкүмдүн мыйзамдуулугун карап чыгып, адамга каршы өзгөчө оор кылмыштар үчүн жоопкерчиликти күчөтүү маанилүү деп эсептейт", - деп билдирди Токаевдин басма сөз кызматы.

  • Балдардын укугу менен алектенген адистер наристелер кээде таанып-билген адамдын эле колунан ыдык көрүшү мүмкүн экенин айтып, ата-энелерди сак болууга чакырып келет.
Кыргызстанда ушул жылдын апрель айында Нарын районунун Орто-Нура айылында киши колдуу болгон жети жаштагы Аруукенин сөөгү табылган. Мектепке даярдоо классында окуган наристе окууга кеткен бойдон үйүнө тирүү кайткан эмес. Кыздын кыйноо белгилери аныкталган сөөгү айыл четиндеги эч ким жашабаган үйдөн табылган. Бул окуяга байланыштуу кармалган шектүүнүн жакындары элдин талабынан кийин айылдан көчүп кеткени белгилүү болгон.

Макаланын автору "Азаттыктын" казак кызматынын Чымкенттеги кабарчысы Дилара Иса.

XS
SM
MD
LG