Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:28

Саясатчыларды актоо өкүмүнүн артында эмне бар?


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Октябрь окуясы боюнча айыпталгандардын баарын, анын ичинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди да актады. Ушуну менен акыркы эки аптанын ичинде Атамбаевге козголгон иштерге байланыштуу үч актоо өкүмү чыкты. Октябрь окуясы боюнча адилет чечим болдубу же коомдо мунаса табуу үчүн саясий жүрүш жасалдыбы?

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Убайдулла Сатимкулов 28-июнда Алмазбек Атамбаевди Октябрь окуясы боюнча актап, аны үй камагына чыгарды. Мурдагы президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов да акталып, анын бөгөт чарасы өзгөртүлдү жана сот залынан бошотулду. Алмазбек Атамбаевге карата мурда күчүнө кирген сот өкүмү бар болгондуктан ал камакта калтырылды. Анын адвокаты Замир Жоошев Атамбаевди эркиндикке чыгаруу же абакта калтыруу боюнча талкууга комментарий берди.

Замир Жоошев.
Замир Жоошев.

“Эки соттук актынын ортосунда карама-каршылык пайда болду. Анткени Алмазбек Атамбаевге Азиз Батукаевдин иши боюнча абакка кесилсин деген соттун өкүмү бар. Экинчи жагынан Октябрь окуясына байланыштуу сот үй камагына чыксын деп чечим кабыл алды. Конституциянын 101-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, соттун ар бир чечимин мамлекеттик органдар жана анын кызматкерлери аткарышы керек. Ошондуктан №24 колония Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгарып жиберсе да болот. Себеби соттун чечими бар. Мыйзамда Азиз Батукаевдин иши боюнча өкүм башка чечимдерден жогору турат деген норма жок. Колониянын алдында азыр камакта калтыруу же үй камагына чыгаруу тууралуу эки тандоо турат”.

Фарид Ниязов 2019-жылы Кой-Таш окуясы боюнча камакка алынып, Октябрь окуялары маалында абактан чыккан. Бирок 2020-жылы кайра камалып, ага ошол эле жылдын 9-10-октябрындагы окуяларга байланыштуу да айып тагылган. Үч жылдай тергөө абагында отурган Ниязов үй камагына чыкты. Анткени аны жоопко тартуу тууралуу буга чейин чыккан соттун өкүмү жок.

Октябрь окуясына байланыштуу айып тагылган Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаев, Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов үй камагында болчу.

Темирлан Султанбеков, Жеңиш Молдокматов, Фарид Ниязов, Курсан Асанов, Канат Сагымбаев.
Темирлан Султанбеков, Жеңиш Молдокматов, Фарид Ниязов, Курсан Асанов, Канат Сагымбаев.

Бирок Алмазбек Атамбаевдин жагдайы башкача. Себеби ал 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулганына байланыштуу кылмыш ишине айыпталып, 2020-жылы июнь айында 11 жылга соттолгон. Быйыл 15-мартта Жогорку сот буга чейинки инстанциялардын 11 жылга эркинен ажыраткан өкүмүн күчүндө калтырган.

Мурдагы президент ушул тапта мындан башка да кылмыш иштеринин фигуранты. 16-июнда Биринчи май райондук соту Бишкектин жака белиндеги Калыс-Ордо жаңы конушуна мектеп куруу жана мурдагы “Себат” окуу жайынын түркиялык 10 демөөрчүсүнө Кыргызстандын жарандыгын берүү ишин караган. Бул иште айыпталуучу катары өтүп жаткан Алмазбек Атамбаевди актаган. Ошентип акыркы эки жумада Атамбаев үч иш боюнча акталып чыкты.

Саясатчылардын аты аралашкан кылмыш иштери боюнча акыркы тапта актоо чечимдеринин чыгышы бийликтин коомдо мунаса табуу аракети катары да кабыл алынды. Бул тууралуу оппозициялык сатясатчы Равшан Жээнбеков пикири менен бөлүштү.

Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

“Тилекке каршы, биздин бийлик терең анализ жасай албайт. Бийлик “баса кал, чаап кел, камап сал” деген менен эле иштеп келатат. Ошонун жыйынтыгы менен саясаттан кеттим деген бир топ саясатчыларды, анын ичинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди активдүү саясатка кошуп беришти. Алмазбек Атамбаев “саясаттан кеттим” дегенине карабай, келечектеги күчтүү саясий топко аралаштырышты. Атамбаев бул үчүн азыркы бийликке рахмат айтыш керек. Ал түрмөдө отурабы, же эркиндикте болобу Кыргызстанда күчтүү саясий конструкция курула турган болсо, ошол топтун бир фигурасына айланды. Октябрь окуясы боюнча соттун чечими жакшы көрүнүш. Ошол жакшы көрүнүш уланыш үчүн ал системага айланыш керек. Эгерде мындай чечимдер көп болсо, мамлекетте соттук адилеттик боло баштады деп айтса болот. Алмазбек Атамбаев Кремл менен мамилеси жакшы саясатчы. Ошондуктан Орусиянын бийлигинин да басымы болушу мүмкүн”.

Алмазбек Атамбаевдин башы ачыла элек башка да кылмыш иштери бар. Ал 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча оор беренелер менен айыпталууда. Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупциялык иш боюнча шек саналып жатат. Андан сырткары Кой-Таштагы жер тилкеси боюнча да айып коюлган. Ал 2019-жылдын августунан бери камакта отурат. 2020-жылы октябрь айындагы башаламандыкта абактан чыгып кайра камалган. Мурдагы президент өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, саясий куугунтук деп атап келет.

Эми Октябрь окуясына кайра кайтып келсек. Алмазбек Атамбаев бул ишке байланыштуу соттук отурумдарга дээрлик катышкан деле жок. Жараянга жеткирилгени менен темир тосмону тепкилеп, ызы-чуу кылып атып, отурум бүтө электе эле абакка алып кетип жатышты. 28-июнда акыркы сөзүн айтуудан да баш тартты.

“Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов бул башынан эле саясий иш болгонун жана ага макам берүү маселесин көтөрдү.

Жеңиш Молдокматов.
Жеңиш Молдокматов.

“Бул саясий иш болгон. Сот өзүнүн адилеттүүлүгү үчүн калыс чечим чыгарды. Ал эми жалпы соттук системада реформа болгон жок. Мен камакта отурганда камалган миңдей адамдын жарымынан көбү адилетсиз чечим менен камалганын көрдүм. Ошол жөнөкөй жарандардын тагдыры чечилип, алар акталганда гана реформа жүрдү деп айтса болот”.

Ал эми Жогорку Кеңештин экс-депутаты Рыскелди Момбеков Октябрь окуясы боюнча ошол кездеги өлкө жетекчилеринин жоопкерчилиги каралышы керек деп эсептейт. Ал мындан тышкары том-том иштерди тергеп, бир катар оор беренелер менен айып койгон тергөөчүлөрдүн ишине көңүл бурду.

“Сот, укук коргоо органдарында реформа жүрүп жаткан болсо, Октябрь окуясы боюнча кылмыш ишин козгогон, бул иште катачылыкка жол берген тергөөчүлөргө, прокурорлорго чара көрүлүшү керек. Антпесе бул иш улана берет. Азыр акталган адамдар канча убакыт түрмөдө жатты. Эгерде жыйынтык чыгарбасак, мындай иштер улана берет”.

2020-жылдын 4-октябрында Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо болгон. Бул жараян мыйзам бузуулар менен коштолгонун айткан саясий партиялардын тарапташтары жана жарандык коом эртеси күнү Бишкекте нааразылыкка чыккан. Аянтка чыккан эл менен милиция кагылышып, митингчилер 6-октябрга караган түнү Ак үйдү ээлеп алышкан. 10 күнгө созулган бийлик кризисинен кийин президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетип, бийликке Садыр Жапаров келген.

Октябрь соту: соңку чечимдин чоо-жайы
please wait

No media source currently available

0:00 0:53:35 0:00

XS
SM
MD
LG