Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:09

Таиландда бекинген саудиялык кыз


Рахаф Мохаммед аль-Кунун Таиланддын Миграция полициясынын жана БУУнун өкүлдөрүнүн коштоосунда баратат. 7-январь, 2019-жыл.
Рахаф Мохаммед аль-Кунун Таиланддын Миграция полициясынын жана БУУнун өкүлдөрүнүн коштоосунда баратат. 7-январь, 2019-жыл.

Дээрлик 24 саатка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин Таиланддын бийлиги Сауд Арабиясынын жараны, 18 жаштагы Рахаф Мохаммед аль-Кунунду (Алкунун) мекенине же болбосо Кувейтке депортациялабай турганын билдирди.

Бир суткадай Баңкоктун аэропортундагы мейманкананын бөлмөлөрүнүн бирине бекинип алып, туугандары жашаган Кувейтке же өз мекени Саудияга учуудан баш тартып, башка мамлекеттерден башпаанек сураган кызды Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар агенттигинин өкүлдөрү дүйшөмбүнүн кечинде чыгарып кетишти.

Аль-Кунундун окуясы

Рахаф Мохаммед аль-Кунун журналисттер менен Баңкок аэропортунан байланышкан. «Reuters» агенттигине курган маегинде ал Кувейтке үй-бүлөсү менен эс алганы барганын, буга чейин ал Австралиянын визасын алганын жана андан пайдаланып өлкөдөн 5-январда чыгып кеткенин айткан. Ал Таиланд аркылуу Австралияга жетүүнү көздөгөн. Саудиялык кыз Баңкок аэропортуна конору менен Эр-Рияддын Таиланддагы элчилигинин өкүлү тосуп алып, алдоо жолу менен анын паспортун алып койгонун жана анын Кувейтке кайтышын талап кылганын да кошумчалады.

Ал эми ВВСге Рахаф Мохаммед аль-Кунун исламдан баш тартканы үчүн аны үй-бүлөсү кабыл албасын жана аны мекенинде өлүм жазасы күтүп турарын айткан.

«Алар мени өлтүрүшөт. Өмүрүм коркунучта. Менин туугандарым окуумду улантуума каршы. Алар мага машине айдоого же саякаттоого уруксат беришпейт. Мени такай басмыралашат. Мен жашоону сүйөм. Иштегим келет. Бирок үй-бүлөм мага күн көрсөтпөйт», - дейт саудиялык кыз.

Ошондой эле Аль-Кунун «чачын кыскарткандан кийин эркек туугандары алты ай бою бөлмөдөн чыгарбай камап коюшканын» «Human Rights Watch» укук коргоо уюмунун өкүлдөрүнө айтып берген.

Саудиялык кыз аэропорттон тышкы дүйнө менен Интернет, тагыраагы "Твиттердеги" баракчасы аркылуу байланышып турду.

Расмий бийликтин версиясы

Сауд Арабиясынын Баңкоктогу элчилигинин өкүлү Абдулла аль-Шуаби падышачылыктын бийлиги бул кыздын окуясына эч тиешеси жок экенин билдирди. Анын сөздөрүнө караганда, Аль-Кунунду аэропортто тай бийлигинин суранычы боюнча тосуп алышкан. Анткени анын артка кайта турган билети жок болчу жана ал кайда, кимдикине барары да белгисиз болчу. Абдулла аль-Шуаби сауд элчилигинин аэропортто жарандарды өз алдынча тосууга укугу жок экенин да кошумчалады. Ал эми Таиланддын Бажы кызматынын өкүлдөрү журналисттерге Аль-Кунунга жанында тиешелүү документтери болбогону үчүн өлкөгө кирүүгө тыюу салынганын түшүндүрүштү.

Анткен менен Таиланддын Миграция кызматынын башчысы Сурачате Хакпарн «саудиялык кыз өз өлкөсүнөн качып, бизге жардам сурап кайрылгандыктан, биз аны эч жакка күчтөп жибербейбиз. Ал Таиланддын коргоосунда болот» деди.

Рахаф аль-Кунун. 7-январь, 2019-жыл.
Рахаф аль-Кунун. 7-январь, 2019-жыл.

Укук коргоочулардын реакциясы

Бирок укук коргоочулар Рахаф Мохаммед аль-Кунун Таиландда башпаанек ала албай тургандыгын айтып жатышат. Анын тагдырына азыр бир катар эл аралык уюмдар жана «Human Rights Watch» укук коргоо уюму да кунт коюп көз салып жатканын билдиришти. Австралиянын бийлик өкүлдөрү өз өкмөтүнөн кызды тезирээк өлкөгө алып келүү боюнча аракет көрүүгө чакырышты.

Байкоочулардын айтымында Рахаф Мохаммед аль-Кунундун окуясы саудиялык аялдардын акыбалына эл аралык коомчулуктун көңүлүн дагы бир жолу бурду. Укук коргоочулар үй-бүлөдөгү чектөөлөрдөн, зордук-зомбулуктан качып соңку жылдары жүздөгөн аялдар бул мамлекеттен чыгып кетүүгө аргасыз болушканын белгилешет.

Тактынын мураскери, ханзаада Мохаммед бин Салман жүргүзүп жаткан айрым реформалардын алкагында акыркы эки жылда аялдарга машине айдоого, кинотеатрларга барууга, футбол таймаштарын стадиондон көрүүгө уруксат берилген. Анткен менен дагы эле саудиялык кыз-келиндер өлкөдөн чыгарда сөзсүз күйөөсүнүн же атасынын уруксатын жазуу түрүндө алууга тийиш.

Рахаф Мохаммед аль-Кунун азырынча Таиландда БУУнун Качкындар агенттигинин өкүлдөрүнүн көзөмөлүндө болот. Азыр анын атасы Таиландга барганы айтылууда. Укук коргоочулар ал башка мамлекеттен башкалка алып, чыгып кеткиче бир нече күн зарыл болорун белгилеп жатышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG