Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:32

Сарпашев кайра суракка алынды


Сарпашев: 500 гектар жайытты элге бердик
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:44 0:00

Сарпашев: 500 гектар жайытты элге бердик

Мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финансы полициясы) дагы бир жолу суракка барды. Бирок ал кайсы иш боюнча сурак бергенин айткан жок. Сарпашев муну тергөөнүн кызыкчылыгына байлап жатат.

Финансы полициясы Тайырбек Сарпашевге карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү баштаганын 27-ноябрда кабарлаган.

Тайырбек Сарпашев 9-декабрда Финполдо үч сааттан ашык сурак берип чыкты. Бирок ал тергөөнүн кызыкчылыгына байлап, эмненин негизинде чакырылганын айткан жок.

Сарпашев сурактан кийин “Азаттык” радиосуна комментарий берди. Өзүнө коюлган айыптарга байланыштуу позициясын коргогонго аракет кыларын билдирди.

«Сурак башталганда документке анын купуялуулугун таанып, кол коюп бересиң. Ошого байланыштуу эч нерсе айта албайм. Бул юридикалык маселе. Мен андан аттай албайм. Бирок процесс уланат. Иш жаңы гана башталды. Тергөө бүтүп, сотко кеткенден кийин баары ачык айтылат. Бирок мен тергөөдө бардык суроолорго ачык жооп бергенге даярмын. Мени буга чейин эки жолу депутаттык комиссия да текшерген. Мен үчүн бул көнүмүш адат».

Финансы полициясы жүргүзүп жаткан сотко чейинки териштирүү иштеринде Тайырбек Сарпашевдин мүлкүнүн мыйзамдуулугу текшерилип жатат. Расмий маалыматка ылайык, ал мамлекеттик мекемеде жетекчилик кызмат ордун ээлеп турган кезде көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатып алган, кийин аны декларациясында көрсөтпөй туруп жакын туугандарына каттаган.

Аталган мекеме 7-декабрда Жазык кодексинин «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Тайырбек Сарпашевдин жакын туугандарынын каттоосунда турган 500 гектардан ашык жер мамлекетке кайтарылганын да билдирген.

Финансы полициясы Сарпашев мыйзамсыз алынган мүлктү өз ыктыяры менен кайтарып берүү шарттарынын баштапкы баскычын гана аткарганын, эми ал жерлерди Торкен айылынын муктаж үй-бүлөлөрүнө бөлүштүрүү ишин мекеме көзөмөлгө аларын кабарлады.

Бирок мурдагы вице-премьер 500 гектар жер мыйзамсыз алынган деген дооматты четке кагууда.

«Ал жерди ыраматылык атам учурунда айыл өкмөттөн жайыт үчүн ижарага алган. Атамдын көзү өтүп кеткенден кийин агаларыма өткөн. Ага менин тиешем жок. Бирок айылдан улам-улам арыздар келе берди. Саясатчы болгондон кийин саясий оппоненттерим бар. Азыр өзүн көрсөтүш үчүн бирөөнү жамандап упай топтогонду адат кылып алдык. Ошондой ишти айылдагы депутаттар колдонуп, байма-бай арыз жаза бергендиктен, ижарага алган жерди өткөрүп беришти. Эми башкалар деле иштетсин. Балким аларга жардамы көбүрөөк тиет».

Торкен айылында Сарпашевге жана анын жакындарына байланышкан бир топ чырлуу объекттер бар. Маселен, аны айылдаштары бир гектардан ашык жери менен "сүт заводун курабыз" деп алган эски гараждын имаратын, мал сарайды жана кампаларды мыйзамсыз менчиктештиргени үчүн айыптап келет.

Торкен айыл өкмөтүнүн башчысы Шайлоо Жуматаев Сарпашевге тийиштүү делген жайыт жана айдоо жерлери тууралуу түшүндүрүп берди.

«Мурдагы айыл өкмөт башчысы ал жерди мыйзамсыз ижарага берип койгон деп айрым жарандар мага кайрылып келгендиктен, мен айыл өкмөттүн балансына алып койгом. Бирок алар соттон-сотко кайрылып жүрүп, Жогорку сотко чейин барып жерди кайра алышкан. Мындан сырткары Сарпашевдер союздан калган мал сарайларды, кампаларды учурунда элге талатпай сактап калышкан. Кийин аларды менчиктештирип, мыйзамга тууралап алышты».

Финпол Сарпашевди 2016-жылы мурдагы президенттин уулу Максим Бакиев менен байланышы бар адамдарга катталган мүлктү камактан мыйзамсыз чыгарууга тиешеси болгон деп айыптап, быйыл 11-ноябрда анын үйүндө тинтүү жүргүзгөн. Мындай айып ага 2017-жылы да коюлган. Ошол эле жылы тендерге байланыштуу Жазык кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча иш козголгон. Мыйзам бузуу болбогонун, бул иштер кийин токтотулганын Тайырбек Сарпашев 2018-жылы билдирген.

Саясат талдоочу Турат Акимов тергөө органдары аныктаса, ким болбосун жазаланышы керек деген пикирде.

Турат Акимов.
Турат Акимов.

«Арызданган кишилер бар болсо, ал көп кишилердин укугун тебелеген болсо же эбегейсиз байып, ага тийиштүү материалдар жетиштүү болсо иш туура эле козголду. Бирок анын иши менен таанышпагандан кийин айтуу кыйын».

Тайырбек Сарпашев 2000-2005-жылдары Жогорку Кеңеште депутат болуп, Отун-энергетикалык комплекстер комитетин жетектеген. 2007-жылкы парламенттик шайлоодо “Туран” партиясын жетектеп барган, бирок тийиштүү добуш топтой алган эмес.

Тайырбек Сарпашевди мыкты мамлекеттик менежер, иштин көзүн билген уюштуруучу катары баалагандар да бар. Алардын бири коомдук ишмер Эмил Каптагаев:

«Адам катары жана мамлекеттик ишмер катары ал иштин көзүн билген мыкты адис. Иштин аткарылышын уюштура билген инсан катары тааныйм. Андай тажрыйбалуу адистер аз. Ага карата болуп жаткан сотко чейинки териштирүү иштери тууралуу эч нерсе айта албайм. Аны тергөө көрсөтөт».

52 жаштагы Тайырбек Сарпашев саясатка бизнестен келген. 1991-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин аяктаган жана 2000-жылдарга чейин “Түшүм”, “Саят”, ”Градиент” өңдүү фирмаларды жетектеген.

2014-жылы ал түптөгөн “Градиент” фирмасы боюнча чуу чыккан. Тендерлерди байма-бай утуп жатат деп, Кумтөр менен байланышы тууралуу дооматтар байма-бай айтылган, атайын депутаттык комиссия түзүлгөн.

Тайырбек Сарпашев өкмөттө жооптуу кызматтарды аркалаган. 2012-2014-жылдары экономика жана инвестиция боюнча вице-премьер-министр болгон. Андан кийин биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалган жана бул кызматта бир жыл иштеген.

2015-жылдын ноябрь айынан 2017-жылдын июнь айына чейин Мамлекеттик каттоо кызматын башкарган.

XS
SM
MD
LG