"Республика- Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов анын кызматтан алынбай жатканы тууралуу өкмөттөн түшүндүрмө сурады. Өкмөт азырынча комментарий бере элек.
Башкы прокуратура быйыл февраль айында премьер-министрге Сарпашевди кызматтан алуу тууралуу сунуштама жөнөткөн. Сарпашев боюнча түзүлгөн мекемелер аралык комиссиянын иши апрель айында дагы бир ай узартылганы айтылган. Комиссия корутундусун жарыялай элек.
Паспорт мафиясын ким калкалайт?
Паспорт мафиясын ким калкалайт?
Кыргызстанда жасалма паспорт жасоо фактыларынын көбөйүшүнүн себеби эмнеде? Паспорт боюнча көз боёмочулукту кимдер, кантип ишке ашырып жүрүшөт? Соңку окуялар өлкөнүн эл аралык беделине, коопсуздугуна кандай таасир этиши мүмкүн?
Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов Тайырбек Сарпашев тууралуу 31-майда жалпы жыйында жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспорттор тууралуу маселе көтөрүп жатып сөз кылды. Ал премьер-министр Сооронбай Жээнбеков үч айдан бери эмне себептен Сарпашевди кызматтан албай жатканына кызыкты жана расмий кат менен кайрыларын маалымдады:
- Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку жетекчилери пиардан башка, "кыйратып жатабыз, 21-кылымга өтүп жатабыз" деп коррупцияга малынгандан башка эч нерсе кылган эмес. Мен өкмөттүн өкүлүнө расмий суроо жөнөтөм. Эмне үчүн өкмөт башчы коррупцияга малынган жетекчини ушул күнгө чейин жумуштан кетирбей жатат. Менде башка ойлор пайда болуп жатат. Ойго шайлоо оюндары келди. Эмне башка жетекчи жокпу? Мамкаттоого бир эле адам иштей алабы? Башка жетекчи койсок болбойбу? Ошон үчүн бул суроого расмий жооп берип коюңуздарчы.
Өкмөт азырынча Сарпашев боюнча расмий комментарий бере элек.
Ушул жылдын башында Сарпашевдин иштери боюнча маселе чыкканда мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. Ал комиссия премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен апрель айында дагы бир айга узартылганы белгилүү болгон.
Тайырбек Сарпашевдин "Азаттыкка" билдиришинче, ал өзүн сындагандарга тергөө бүткөндөн кийин жооп кайтарат:
- Эми алар эки-үч айдан бери кыйкырып жатышпайбы. Мен пикиримди тергөө бүткөндөн кийин айтам. Тергөө бүтүшүн күтүп жатам. Азырынча бүтө элек, бүткөндөн кийин менде дагы айтчу нерселер көп эле. Кимдин коррупционер экени далилденет. Бул шайлоонун алдында боло турган ажаандык. Тергөө бүткөндөн кийин кимдин коррупционер экенин көрсөтөм.
Сарпашевдин төбөсүндө айланган сур булут
Сарпашевдин төбөсүндө айланган сур булут
Башкы прокуратура 10-февралда Бишкектин чок ортосундагы Максим Бакиевдин бир гектардан ашык жеринин сатылып кеткени боюнча кылмыш ишин козгоду.
Тайырбек Сарпашев Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси кызматынан ушул жылдын февраль айында убактылуу четтетилген. Буга мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык Бишкек шаарындагы бир гектар жердин сатылып кетиши боюнча козголгон кылмыш иши негиз болгон. Сарпашев бул иште анын күнөөсү жоктугун айтып келет. Жердин сатылышын мекемелер аралык комиссия да иликтеп жатат.
Башкы прокуратура быйыл февраль айында премьер-министрге Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашевди кызматтан алуу тууралуу сунуштама жөнөткөн. Мыйзам боюнча өкмөт башчы бир айдын ичинде чечим кабыл алышы керек эле.
Март айынын этегинде Башкы прокуратура Мамлекеттик каттоо кызматынын убактылуу иштен четтетилген жетекчиси Тайырбек Сарпашевге кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып менен иш козгогон.
Ал 2013-жылы вице-премьер-министр болуп турганда туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү даярдоого керектелген бланктарды сатып алуу боюнча тендерге байланыштуу "мыйзамсыз протоколдук тапшырма берген" деп айыпталып жатат. Сарпашев өзүнүн күнөөсү жоктугун айтууда.
Буга чейин Кыргызстанда 2012-2013-жылдары төрөлгөн 40 миңдей баланын күбөлүгү жараксыз экени аныкталган. Документте “туулгандыгы тууралуу күбөлүк” деген жазуунун алдында майда тамгалар менен "нике күбөлүгү" деп ката жазылып калган.
"Интел линкс" ишканасынын жетекчиси Таалайбек Жумадылов Тайырбек Сарпашевдин кылмыш жоопкерчилигинен мурун эң ириде саясий жоопкерчилиги каралышы керек деген пикирде:
- Укуктук мамлекетте албетте тергөөнүн жыйынтыгын күтүү керек. Анын жыйынтыгында фактылар аныкталса, кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек. Бирок мамлекеттик жетекчи кызматта иштегенден кийин коомдун, элдин астында мамлекеттик жоопкерчилик деген болушу керек да. Бул жерде аябай эле көп кемчилик болду. Мисалы, Жогорку Кеңешке шайлоо убагында үч миңден ашык киши добуш бере албай калды. Бул санды Сарпашев өзү аныктап өзү айткан. Өзүн таппаган канча киши мамлекет менен урушпай-териштирбей эле коеюн деп кетип калган. Эгерде ушунча адамдын шайлоо укугу бузулса кимдир бирөө жоопко тартылышы керекпи? Эми албетте ал ушунча адамды киргизбей коеюн деп атайын кылган жок. Муну тергөө органдары териштирип, кылмыш жоопкерчилигине тартуу керекпи же жокпу чечиши керек. Бирок мунун коомго кесепети бар да. Эгерде кандайдыр бир башка максаты болсо анда аны отургузуу керек. Эгер ал мамлекеттик ыйгарым укуктарын шалаакылык менен аткарса, анын айынан адамдар жабыркаса, анда административдик, саясий жоопкерчилиги каралышы керек.
Талдоочу Бакыт Бакетаев болсо "Сарпашев саясий тирештин курмандыгы болуп жатат, жалган жалаага кабылды" деп эсептейт. Ал Максим Бакиевге таандык бир гектар жер боюнча Сарпашев соттун гана чечимин аткарганын белгиледи.
- Бул иш саясатташып кеткен. Анткени ага жер боюнча соттун чечими келген. Ал ошол соттун чечимин аткарган. Соттун чечимин аткарбай койгонго анын эч кандай укугу жок. Бирок мыйзамдарды нары-бери калчап эле иш башкача болуп кетип баратат. Сарпашевдин соттун ошол чечимин аткарганы туура болгон. Менин оюмча Сарпашевдин орду кимдир бирөөлөргө керек болду окшойт. Экинчиден, Сарпашев чынында эле саясатчы катары, мамлекетчил, сөзмөр, чарбаны билет. Ага карата кандайдыр бир көралбастык саясат болуп калды.
Апрель айында Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөш жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин жумушчу тобу Мамлекеттик каттоо кызматынын ишин канааттандырарлык эмес деп тапкан.
Бул жумушчу топ быйыл жыл башында паспорттордун мыйзамсыз берилиши, жасалма паспорттор, коррупция жана дагы башка мыйзам бузууларды текшерүү үчүн түзүлгөн эле. Тайырбек Сарпашев дооматтардын баарын четке кагып иштеги кемчиликтер менен катар эле жетишкендиктерди да эске алуу керек деп эсептейт.