Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:57

Кара-Суу: акчанын айынан от алган чыр


Сарай айылы.
Сарай айылы.

Оштун Кара-Суу районундагы Сарай айылдык кеңешинин бир топ депутаттары айыл өкмөттүн ишмердүүлүгүн текшерүүнү суранып президентке кайрылышты.

Айыл өкмөтүнүн башчысы Замир Тургунбаев болсо депутаттардын доосу суу кечпей турганын айтууда. Ал эми "айыл өкмөттөгү алешем иштерди ашкерелейбиз" деген депутаттар маалымат жыйынын улам артка жылдырып жатышат.

Кара-Суу районундагы Сарай айылдык кеңешинин бир топ депутаттары "айыл өкмөтүнүн алешем иштерин жарыялайбыз" деп 1-февралга маалымат жыйынын белгилешкен. Кийин алар жыйынды 5-февралга жылдырышкан, бирок ага деле айылдык кеңештин бир да депутаты келип сүйлөгөн жок.

Ал арада 5-февралда айыл депутаттары ачык сүйлөөдөн чочуган жыйынга ишкер аял Кумурахон Мирзаева жалгыз келип, Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замир Тургунбаевдин ишин сындап чыкты.

Кумурахон Мирзаева.
Кумурахон Мирзаева.

- 2010-жылы Сарай айыл өкмөтүнүн казынасы 160 миллион сом болчу. Азыркы күндө Сарай айыл өкмөтүнүн бюджети 95 миллион сомго кыскарып кетти. Бул ошол айыл башчынын жакшы иштебегенинин жана сабатсыздыгынын кесепети, - деди ал.

Маалымат жыйынын белгилеп, өздөрү келбей калган айыл депутаттары билдирүү кабыл аларда Сарай айыл өкмөтүндөгү алешемдиктерди жакшылап иликтеп берүүнү суранып, президентке, өкмөт башчыга жана Жогорку Кеңешке кат жазышкан. Катта Сарай айыл өкмөтү бала бакча курууга 30 миллион сом акча бөлдүрүп, ишти аткарбай койгону жана тротуар курууга 2,5 миллион сом бөлдүрүп, аны да аткарбай койгону сыяктуу бир нече доомат коюшкан.

Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замир Тургунбаев ал дооматтар боюнча текшерүү органдарынын алдында жооп берүүгө даяр экенин билдирди.

Замир Тургунбаев.
Замир Тургунбаев.

- Биздин мамлекет азыр коррупция менен катуу күрөшүп жатат. 30 миллион сомду жеп коюш үчүн биринчиден психикалык жактан оорулуу болуш керек. Экинчиден, Кудайдан коркпогон, ата-эненин каргышына калган пенде ошол ишке барса керек. Мен ажымын. Жети балам бар. Алардын эртең "атам коррупционер турбайбы" деп жер карап басышын каалабайм. Эми "жеди" деген сөздөр боюнча укук коргоо органдары бар. Алар жазган болсо, эртең текшеришет. Ким эмне кылганы, ким жеп койгону ошондо чыгат.

2013-жылы тапанча менен кармалган Тургунбаев үч жылдай соттошуп жүрүп, акыры Жогорку Соттон акталган. Бул арада ал Сарай айыл өкмөтүндө депутат, айылдык кеңештин төрагасы болуп иштеген.

Сарай айыл өкмөтү Кара-Суу базарынын эсебинен Кыргызстандагы эң бай деп эсептелген беш айыл өкмөттүн бири болуп саналат. Айыл өкмөттүн казынасы 100 миллион сомдон ашык болгонуна карабай айылда таза суу, жол, электр, канализация, бала бакча, ФАП сыяктуу социалдык маселелер чечиле элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG