Костанай облусунда 543 бөкөндүн сөөгү табылды. Алардын 508 ургаачы, калган 31 эркек бөкөндөр. 21-майда болсо 120 бөкөндүн сөөгү табылган. Алдын-ала иликтөөлөр боюнча бул сейрек жаныбарлар химиялык калдыктар менен ууланган болушу мүмкүн. Бөкөн - жоголуп бараткан жаныбарлардын бири. Учурда Казакстан менен Калмык Республикасынын аймагында кездешет.