Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:12
Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Садыр Жапаровдун жыйыны жана убадалары

Президенттин милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрда жалпыга маалымдоо каражаттарына басма сөз жыйынын өткөрдү. Жыйын түшкү саат 2де башталып, бир саат, 36 мүнөткө созулду.

14:25 12.11.2020

Садыр Жапаров: Райымбек Матраимовду камактан бошотуу менин чечимим. Бошотууну мен сурандым. Аны камагандан эмне өзгөрөт? Ал өзү дагы мыйзамсыз тапканымдын баарын мамлекетке төгүп берейин деди. Мына Алмазбек Атамбаев камакта жатат. Бир мүлкү мамлекетке өттүбү?

14:23 12.11.2020

Садыр Жапаров: Геосаясат боюнча аксакалдар менен сүйлөшүп, жаңылбай-жазбай иштейли деп жатабыз.

14:20 12.11.2020

Садыр Жапаров: Чек ара кызматын УКМКга берүүнүн зыяны болбойт. Кайра анда иштегендердин айлыгы көтөрүлөт. 2 млрд. сом кетет экен. Ал акчанын булактарын таптык. Коңшу өлкөлөрдүн айтымында, чек ара маселеси кыргыз тараптын айынан созулуп келиптир. Ошону чечели деп ушундай чечимге келдик.

Электрге чектөөнү алсак, эл жапырт ага өтүп, трансформаторлорго күч келет экен. Азырынча кое туралы деп сүйлөштүк.

14:17 12.11.2020

Садыр Жапаров: Чек арада жаңжал чыгарабыз, улут аралык жаңжал чыгарабыз дегендер болду. Ал жаңжалдар COVID-19дан да коркунучтуу. Алар чыгып кетсе, оору бул жакта калат. Мен ошол нерсенин алдын алуу үчүн түштүк аймактарга барып келдим. Эл, диаспора өкүлдөрү менен көзмө-көз сүйлөшүп келдим.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG