Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:36
Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Садыр Жапаровдун жыйыны жана убадалары

Президенттин милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрда жалпыга маалымдоо каражаттарына басма сөз жыйынын өткөрдү. Жыйын түшкү саат 2де башталып, бир саат, 36 мүнөткө созулду.

14:14 12.11.2020

"Айгай пресс" басылмасынын кабарчысы Кенжебек Арыкбаев камакта отургандар тууралуу суроо берди.

Садыр Жапаров: Октябрда камалгандын баары камалгандын баары чыкты. Курсан Асанов, башка жаш балдар чыкты. Саясий куугунтук, түрмөлөрдү толтуруу менен утпайбыз. Мурда Фейсбукта ачык жазганы үчүн үйүнө чейин барып, кечирим суратчу. Азыр андай болбойт. Акыркы бир айда менин сөзүмдү бурмалаганга аракет кылышты.

Алмазбек Атамбаев тууралуу мурда оюмду айткам. Колдон келсе үй камагына чыкса дегем. Бирок мен сотторго, прокурорлорго буйрук бере албайт экенбиз. Антсек, узурпация кылып алды деп чыгат экенсиңер.

14:07 12.11.2020

НТС каналынын кабарчысы Жерүй кени жана андагы фабриканы өрттөгөндөр жазага тартылабы деген суроо берди.

Садыр Жапаров: Жерүй иштейт. Элдин кызыкчылыгын кен иштегенден кийин чечели деп жатабыз. Андан кийин макулдашуу жолу менен чечкени жатабыз. Өрттөп кеткендер боюнча териштирүү башталды.

14:04 12.11.2020

Садыр Жапаров: Кытайдын карызынан кутулуу жолдорун издеп атабыз. Жетим-Тоо карыздын ордуна берилбейт. Мен сегиз жыл мурда Кумтөрдү мамлекетке алуу керек экенин айтам. Ошонун туура болгонун азыр айтып жатасыңар. Буга чейин Жетим-Тоодогу кендин сырьёсун берип кутулсак болот экен. Өзүбүз казсак, өзүбүздүн жарандар иштесе кутулмак экенбиз.

14:00 12.11.2020

Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров 12-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан басма сөз жыйында журналисттердин "Конституцияны өзгөртүү диктатурага жол бербейби?" деген суроосуна жооп берди.

Кыргызстандыктар 30 жылда үчүнчү жолу революция жасаган эл. Адилеттүү жашоону каалаган эл. Дал ошол диктатураны орнотпойлу, мыйзамсыздык, адилетсиздикти жок кылалы деп. Мен боломбу, менден кийин Эшмат келеби же Ташмат келеби, кыргыз эли диктатурага жол бербесин өзүңүздөр көрдүңүздөр. Так жана даана айтып коеюн. Эч кандай диктатура жана кимдир бирөөнү куугунтуктоо деген болбойт",- деди Садыр Жапаров.

22-октябрда Жогорку Кеңеште Конституцияны өзгөртүү жана президенттик, парламенттик шайлоолордун мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө мыйзам долбоору жыйынга катышкан 84 депутаттын 83үнүн макулдугу менен дароо үч окууда кабыл алынган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG