"Рыскелди Мусаев менин кудам эмес, айылдаш байкем. Октябрь окуясынан кийин коопсуздук жагын карап бер деп кызматка койгом. Андан кийин кызматтан алгам. Азыр анын ордунда Марат Иманкулов иштеп жатат. Турусбек Түмөнбаев боюнча. Ал эч кандай шектүү тендерге аралашкан эмес экен. Аны аныктадык. Бирок кызматтан алдык", - деди Жапаров.
Буга чейин Санарип өнүктүрүү министрлигине караштуу "Унаа" мамлекеттик мекемесинин жетекчиси Турусбек Түмөнбаев кызматтан алынган. Мурдагы өкмөт башчы Улукбек Марипов транспорт каражаттарын каттоо күбөлүгүн даярдоо боюнча тендерге байланыштуу аталган мекеменин иши текшериле баштаганын билдирген. Аны текшерүүнү президент Садыр Жапаров тапшырганы айтылган.
АКШнын базасы Кыргызстанда ачылбайт. Бизде Орусиянын базасы турат. Эки державанын ортосунда ойногубуз келбейт.
Садыр Жапаровдун маалымат жыйыны үч сааттан ашык созулду. Президенттин маалымат катчысы жыйынга жалпы жонунан 56 редакциянын өкүлдөрү чакырылганын билдирди.
23-октябрдагы президенттин маалымат жыйынын толук видеодон көрсөңүз болот.