- автор Бакыт Асанов
Садыр Жапаров мамлекет башчылыкка шайланганы алгачкы маалымат жыйынын өткөрдү. Жылдык пресс-конференция былтыр бийлик алмашкан Октябрь окуяларына туштап уюштурулган.
3,5 сааттан ашык созулган жыйында Жапаров бир жыл ичиндеги аткарылган иштерге токтолуп, учурдагы кызыгуу жараткан суроолорго жооп берди.
Ал кыргыз-тажик чек арасын тактоого тоскоол болуп жаткан жагдайларды ачыкка чыгарып, парламенттик шайлоо, саясий куугунтук, үй-бүлө мүчөлөрүнүн бийликке аралашуусу боюнча соболдорго түшүндүрмө берди.
Жапаров: Бийликчилмин деген партияларга добуш бербегиле!
Президент башкаруу жаатындагы Конституциялык реформа, шайлоо мыйзамын өзгөртүү аркылуу буга чейин болуп келген башаламандыкты жоет деген ишенимде турат. Садыр Жапаров мурдагы бийликтердин учурунда башталган долбоорлор боюнча да маалымат берип, акыркы жылы аткарылган иш катары сыпаттады.
Жапаров 28-ноябрга белгиленген парламенттик шайлоону ачык-айкын өткөрүүгө убада берип, президент катары бир да партияны сүрөбөй турганын билдирди:
"Шайлоо боюнча мен бийликчил партиямын дегенге добуш бербей койгула. Мен эл-журтка, журналисттерге кайрылам. Ким бийликчил партиямын деп, менин атымды сатып барса ага добуш бербей, башка партияларга бергиле".
Кыргызстанда шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар, бир мандаттуу округдардан талапкер болууну каалагандардын арызын кабыл алуу аяктаган. Учурда БШК алардын документтерин карап жатат. Арыз берген 21 партиянын ичинде айрымдары бийлик колдогон саясий күчтөр экени тууралуу саясий чөйрөдө кеп болуп келет. Маселен, "Ынтымак" партиясынын талапкер болууну көздөгөн экс-министр Алмамбет Шыкмаматов бийликчил партия экенин "Азаттыктагы" талкууда билдирген эле.
Санаага айланган чек ара
Пресс-конференцияга 90го жакын маалымат каражатынан 150дөй журналист катышты.
Алар учурда коомдо кызуу талкууланып жаткан коопсуздук, коррупцияга каршы күрөш, сөз эркиндигине байланыштуу орчундуу суроолорду беришти.
Маселен, Баткенден келген журналист Мамасалы Бердишев эки тараптан 50дөн ашык адамдын өмүрүн алган кыргыз-тажик чек арасындагы чатакты эске салып, чек ара качан такталат деген собол таштады:
"Азыр Баткен десе баарыбыздын жүрөгүбүз ооруп турат. Бул мекендин, элибиздин оорусу болуп калды. Эмне үчүн чек ара маселесин ушу кезге чейин чечпей отурасыз? Май айындагы чатакта биздин 36 мекендеш каза болду. Эми дагы канчасы каза болушу керек?" - деди журналист.
Садыр Жапаров Тажикстан менен чек араны тактоо иши жүрүп жатканын билдирди. Президенттин айтуусунда, Тажикстан менен талаштуу үч маселе болууда.
“Мен чек араны бүгүн кол коюп чечкенге даярмын. Бирок ал бизден көз каранды болбой жатат. Чек ара маселеси оюнчук маселе эмес экен. Ооба, апрель айында Тажикстан менен кагылышууда 36 жараныбыз өлдү. Бул 30 жылдан бери чечилбей келе жаткан маселе. Өзбекстан менен чек арабызды тактап алып, анан Тажикстанга өтөлү дегенбиз. Ал жерде үч талаштуу маселе бар. Биринчиси, Төрт-Көчө деген жердеги 275 метр жер, экинчиси, Ворухка кеткен жол. Үчүнчүсү, Баткен менен Лейлек районунда талаш жер бар".
Президент Тажикстан менен чек ара маселесин чечүүдө көйгөй жаратып жаткан Төрт-Көчө тилкеси боюнча Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, оппозициячыл саясатчы Адахан Мадумаров кол койгон протокол чоң тоскоолдук жаратып жатканын айтты.
Президенттин мындай айыптоосуна азырынча Мадумаров жооп кайтара элек.
Маалымат жыйындын жүрүшүндө коррупцияга каршы күрөш урааны алдында камакка алынган саясатчылар, активисттердин маселеси көтөрүлдү. «Азаттыктын» өлкөдө саясий куугунтук барбы деген суроосуна Жапаров камакка алынгандардын көпчүлүгүнүн ишинде илинчек бар экенин белгиледи.
“Саясий куугунтук эмес. Ар бир адам өзүнүн жасаган ишине жооп бериши керек. “Октябрь окуяларында баарыңар эле бийликти басып албадыңарбы, Ташиев менен Жапаров деле жооп берсин” деген журналисттер барсыңар. Бирок мен бир мекемени басып алдымбы? Же Ташиев барып басып алдыбы? “Мына, биз сени отургуздук” дегенде да мен отурган жокмун ал жерге. УКМКны, ИИМди, прокуратураны, облустарды басып алышты. Биз бир күн ичинде ошону тартипке сала алдык. “Кээ бирөөнү куугунтуктайт, суракка чакырып жатат” деген сөздөр бар. Суракка чакырбаганда эмне кылат, чакырык жасап жатса? Мурдагыдай президент отуруп алып “Тигини кама, муну чыгар” деген заман жок азыр. Чакырык жасап жатса ИИМ менен УКМК тынч отурушу керекпи? Система иштеп жатат, мыйзамдар иштеп жатат азыр”.
Буга чейин учурда камактагы Жеңиш Молдакматов, Равшан Жээнбеков, Курсан Асанов сыяктуу саясатчылар негизсиз куугунтукка кабылганын билдирген эле.
Атамбаев жана Жээнбеков тууралуу
Дал ушундай эле билдирүүнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапкерлери да айтып келет. Садыр Жапаров "Атамбаев саясий куугунтукка кабылды" деген билдирүүлөрүн маалымат жыйынында четке какты.
Жыйын жүрүшүндө дагы бир мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков жөнүндө да сөз болду. Жапаров Жээнбековдон экс-президент деген макамды алууга каршы экенин шардана кылды:
“Экс-президент боюнча калат (Сооронбай Жээнбеков. ред) Биз президенттерди жоопко тартып, куугунтуктап, кубалаган салтты токтотолучу. Ошол үчүн экс-президент деген статусту бергем. Чоң кылмыштары деле жок, бирок саясий жоопкерчилиги чоң”.
Жапаров ошондой эле былтыр октябрда Жээнбековду кызматтан кетишинде тымызын сүйлөшүүлөр болгон деген жоромолдорду четке кагып, экс-президент элдин талабы менен гана бийликтен кеткен деген пикирин билдирди.
Сооронбай Жээнбеков былтыр 15-октябрда өз каалоосу менен кызматтан кетерин жарыялаган.
Парламенттик шайлоодогу мыйзам бузууларга нааразы демонстранттар Ак үйдү ээлеген соң Жээнбековдун бийликтен эртеби-кечпи кетери белгилүү болсо да, анын дал ошол күнү кызматын тапшырары кайсы бир деңгээлде күтүүсүз болгон.
Кыргыз коомчулугунда Сооронбай Жээнбековдун өзү менен жолуккан саясий ишмерлерге башканы айтып, бир нече саат өтпөй ал чечимин өзгөрткөнүнө эмне себеп болгон деген суроо дагы деле кызыгуу жаратып келет.
«Матраимовду мамлекеттик кызматка тартпайбыз»
Журналисттер өлкөдөгү коррупцияга каршы күрөш алкагында камакка алынып, бюджетке кенемте төлөгөн Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду актоо аракеттерин да көтөрүштү.
Журналист Мээрим Айныкееванын "Матраимов менежерби же коррупционерби?" деген суроосуна Жапаров экс-бажычыны мамлекеттик башкарууга тартуу ниети жоктугун белгиледи.
"Матраимов 2 миллиард сом бюджетке төктү. Андан сырткары соода борборун, үйлөрүн кошо төгүп берди. Ал өз күнөөсүн мойнуна алды. Аны менежер деп айткандар өзүн блогер деп атап алган адамдардын чыгарган эле сөзү болсо керек. Мамлекеттин андай саясаты жок".
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары Шайлообек Атазов, Мейкинбек Абдалиев, Бактыбек Райымкулов Матраимовду парламент трибунасынан колдоп, андан кеңеш суроого чакырышкан.
Президент Кумтөр иши боюнча камакка алынган мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин тагдыры тууралуу суроого жооп берди.
"Темир Сариев менен сүйлөшкөм. Бир эмес бир нече жолу. Анын тажрыйбасын мамлекет үчүн колдоноюн деген ниетим бар эле. Бирок тергөөнүн жыйынтыгы ушундай болуп калды. Мен аны үй камагына чыгарып коюп деле тергей берсеңер болот эле деп атам".
Президент өлкөдө сөз эркиндигин сактоонун жактоочусу экенин белгилеп, журналисттердин куугунтуктоого жол берилбесин кошумчалады.
Жапаров: Туугандарым саясатка аралашпайт
Маалымат жыйындын жүрүшүндө Садыр Жапаровдун жакындарынын саясатка катышуусу боюнча суроолор көтөрүлдү.
Журналист Жазгүл Масалиева президенттин жубайы жетектеген «Үмүт булагы» фондунун каржылык булагына кызыкты:
"Сиз бир нече жыл түрмөдө отурдуңуз. Жубайыңыз үй-бүлөнү карап келди. Азыр «Үмүт булагы» деген фонд түзүп, кайрымдуулук кылып келет. Ал фонддун бюджети каяктан?" - деп сурады Масалиева.
Президент бул фондго айрым ишкерлер өз каалоосу менен каражат которорун четке какпай, бирок үй-бүлө мүчөлөрүн саясатка аралыштырбоого дагы бир ирет убада берди:
"Менин үй-бүлөм, бир туугандарым саясатка аралашпайт. Аралаштырбайм. "Үмүт булагы" болсо 2010-жылы түзүлгөн. Кайрымдуулук максатында. Буга чейин активдүү болбосо да аз-аздан иштеп келген. Былтыртан бери өзүм уруксат берип, бул фонд аркылуу ишкерлер, демөөрчүлөрдүн өз сунушу менен жетим-жесирлерге жардам берип келет".
Кыргызстанда бийлик башында тургандардын жакындарынын саясатка аралашуусу өтө аяр маселе. 2005-2010-жылдары бийликтен кулатылган мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев жакындарын мамлекетти башкарууга аралаштырганы үчүн сынга кабылган.
Садыр Жапаровдун жылдык жыйынын толук видеодон көрө аласыз.
Президент Садыр Жапаров бир жылдык ишинин жыйынтыгын чыгарды. Адатта жыл аягында уюштурчу жыйынды Жапаров анын бийликке келүүсүнө жол ачкан Октябрь окуясынын бир жылдыгына тушташ уюштурууну чечкен.
Былтыр парламенттик шайлоодогу мыйзам бузууларга нааразы болгон демонстранттар Ак үйдү ээлегенден кийин президент Сооронбай Жээнбеков кызматын тапшырып, Садыр Жапаров өлкөнү башкарып калган эле. Ал быйыл 10-январда өткөн шайлоодо жеңип, мамлекет башчынын кызматына расмий киришкен.