Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:30
Садыр Жапаров. 23-октябрь, 2021-жыл.
Садыр Жапаров. 23-октябрь, 2021-жыл.

Жылдык жыйын: Чек ара, шайлоо жана Матраимов

23-октябрда Садыр Жапаров журналисттерге жыйын өткөрүп, суроолорго жооп берди. Жыйын саат 11:00дө башталды.

"Азаттык" жыйынды сайтында, Ютуб каналында жана социалдык түйүндөрдөгү баракчаларында түз көрсөттү.

Садыр Жапаров буга чейин басма сөз жыйынын 2020-жылы, 12-ноябрда президенттин милдетин аткарып жаткан маалда өткөргөн.

14:37 23.10.2021

"Рыскелди Мусаев менин кудам эмес, айылдаш байкем. Октябрь окуясынан кийин коопсуздук жагын карап бер деп кызматка койгом. Андан кийин кызматтан алгам. Азыр анын ордунда Марат Иманкулов иштеп жатат. Турусбек Түмөнбаев боюнча. Ал эч кандай шектүү тендерге аралашкан эмес экен. Аны аныктадык. Бирок кызматтан алдык", - деди Жапаров.

Буга чейин Санарип өнүктүрүү министрлигине караштуу "Унаа" мамлекеттик мекемесинин жетекчиси Турусбек Түмөнбаев кызматтан алынган. Мурдагы өкмөт башчы Улукбек Марипов транспорт каражаттарын каттоо күбөлүгүн даярдоо боюнча тендерге байланыштуу аталган мекеменин иши текшериле баштаганын билдирген. Аны текшерүүнү президент Садыр Жапаров тапшырганы айтылган.

14:25 23.10.2021

Мен өткөндө акция баштап үйүмдү мамлекетке өткөрүп бергем. Азыр Нариман Түлеев 11 квартирасын өткөрүп берип жатат. Аларды мугалимдерге, дарыгерлерге ипотека катары беребиз. Алар өзүнө ыңгайлуу шартта төлөп кутулат.

Дарыгерлерге 7 квартира берилди, Бишкек шаары боюнча. Аз бирок, акырындап ишке ашат.

14:23 23.10.2021

Садыр Жапаров: Менин уяла турган жерим жок. Мен мамлекетке каршы эч нерсе жасаган жокмун. Алмазбек Атамбаевди саясий туткун деп эсептебейм. Ага ондогон кылмыш иши козголгон. Мени негизсиз, төрт жыл мурунку ишке байланыштуу камаган. Мен мамлекетти уурдаган эмесмин. Жөн эле чапташкан, саясий заказ болгон.

14:16 23.10.2021

Темир жол курулушуна Орусия менен Казакстан каршы болуп атат деген сөздөр туура эмес. Каршылык жок, болгону кайсы аймак боюнча өтүшү керек деген суроо болууда. Аны сүйлөшүү жолу менен чечишип алабыз.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG