Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:28
Садыр Жапаров. 23-октябрь, 2021-жыл.
Садыр Жапаров. 23-октябрь, 2021-жыл.

Жылдык жыйын: Чек ара, шайлоо жана Матраимов

23-октябрда Садыр Жапаров журналисттерге жыйын өткөрүп, суроолорго жооп берди. Жыйын саат 11:00дө башталды.

"Азаттык" жыйынды сайтында, Ютуб каналында жана социалдык түйүндөрдөгү баракчаларында түз көрсөттү.

Садыр Жапаров буга чейин басма сөз жыйынын 2020-жылы, 12-ноябрда президенттин милдетин аткарып жаткан маалда өткөргөн.

14:15 23.10.2021

Темир Сариев менен сүйлөшкөм. Бир эмес эки-үч жолу. Анын тажрыйбасын мамлекет үчүн колдоноюн деген ниетим бар эле. Бирок тергөөнүн жыйынтыгы ушундай болуп калды. Мен аны үй камагына чыгарып коюп деле тергей берсеңер болот эле деп атам.

14:14 23.10.2021

Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүүлөр болгон эмес. Элдин талабы болгон. Көчөдө турган элдин гана талабы аткарылды. Президент бойдон калсын, мени премьер бол, эки айдан кийин кайра шайлоо өтсүн деген сүйлөшүү болгон. Бирок мен ага макул болгон эмесмин. Система өзгөрүшү керек дегем.

14:11 23.10.2021

Орозайым Нарматова боюнча: Чычкандай кызга эрегишпейм, аны камабагыла деп ИИМден сурандым​. Бирок ар бир журналист болобу, блогер болобу сүйлөгөн сөзүнө жооп бериш керек. "Сенде канча мылтык бар, канча адам чыгара аласың" десе УКМК менен ИИМ карап отурушу керекпи? Сурайт, күнөөсү жок болсо кое берет.

14:02 23.10.2021

Садыр Жапаровго жакында эле Фейсбук баракчасына экс-президент Роза Отунбаева тууралуу чыккан билдирүүгө байланыштуу суроо берилди.

"Мен Фейсбукту дайыма карап отурбайм. Жардамчыларым кээде ушундай нерселерди кылып жиберет окшойт. Мен аларга менин баракчаларымды колдонбогула деп айттым", - деп жооп берди Садыр Жапаров.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG