Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:24
Садыр Жапаров. 23-октябрь, 2021-жыл.
Садыр Жапаров. 23-октябрь, 2021-жыл.

Жылдык жыйын: Чек ара, шайлоо жана Матраимов

23-октябрда Садыр Жапаров журналисттерге жыйын өткөрүп, суроолорго жооп берди. Жыйын саат 11:00дө башталды.

"Азаттык" жыйынды сайтында, Ютуб каналында жана социалдык түйүндөрдөгү баракчаларында түз көрсөттү.

Садыр Жапаров буга чейин басма сөз жыйынын 2020-жылы, 12-ноябрда президенттин милдетин аткарып жаткан маалда өткөргөн.

13:54 23.10.2021

Асман шаарынын курулушу боюнча: Биз ал шаарды бюджеттин эсебинен курбайбыз. Биз жерлерди гектарлар инвесторлорго беребиз. Биз ал жерге суу чыгарып беребиз, свет тартып беребиз. Мамлекетке 5-10% квартира түрүндө бергиле. Аны биз ипотека түрүндө жарандарга бөлүп беребиз деп. Түндүк-түштүк жолу бүткөнү турат, чет өлкөлүк жарандар келет. Квартираны чет өлкөлүк жарандар да сатып алса болот.

13:50 23.10.2021

Садыр Жапаров: Кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяда ЖККУнун үн катпаганы боюнча мен да айткам. Ошону сүйлөшүп чечели дедик.

Чек ара кызматына ок өтпөс унааларды сатып бердик. Учкучсуз учактарды акчасын төлөп алдык. Тик учактарды Орусияда ремонт кылдырып атабыз. Албетте акчасына. Биз аларды согушуу максатында алган жокпуз. Биз аларды коопсуздукту коргоо үчүн алып атабыз.

13:42 23.10.2021

Садыр Жапаров: Кара-Кечеден алып келген көмүргө кум аралаштырып, аны таза көмүр деп жагышчу экен. Биз ошол схеманы токтоттук. ЖЭБге таза көмүр алып келели деп жатабыз. Жакында эле бизге диверсия кылгандарбы же үлүш албай калгандарбы, бирөөлөр камералардын кабелдерин кыркып, экскаваторлордун май куйган багына кумшекер салып кетиптир. Азыр ремонттолуп жатат. Биз ал диверсанттарды табабыз.

13:36 23.10.2021

Садыр Жапаров президенттерди куугунтукка алуу салтын токтотуу керек экенин айтты.

“Экс-президент боюнча калат (Сооронбай Жээнбеков. ред) Биз президенттерди жоопко тартып, куугунтуктап, кубалаган салтты токтотолучу. Ошол үчүн экс-президент дегенди бергем. Чоң кылмыштары деле жок, бирок саясий жоопкерчилиги чоң”, - деди Жапаров.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG