Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:19
Садыр Жапаров. 23-октябрь, 2021-жыл.
Садыр Жапаров. 23-октябрь, 2021-жыл.

Жылдык жыйын: Чек ара, шайлоо жана Матраимов

23-октябрда Садыр Жапаров журналисттерге жыйын өткөрүп, суроолорго жооп берди. Жыйын саат 11:00дө башталды.

"Азаттык" жыйынды сайтында, Ютуб каналында жана социалдык түйүндөрдөгү баракчаларында түз көрсөттү.

Садыр Жапаров буга чейин басма сөз жыйынын 2020-жылы, 12-ноябрда президенттин милдетин аткарып жаткан маалда өткөргөн.

13:24 23.10.2021

Садыр Жапаров: 2010-жылдан баштап планшетти колдоно баштагам. Кагаз-калем колдонбойм. Көп иш бүтөт. Он тонна кагаз кеткен ишти бүтүрөт. Мени сындап аткандарга менден 16 жыл артта калдыңар деп айтат элем. Өткүлө силер дагы. Эки жыл кагаз сатып алган акчаңарды актайт.

13:21 23.10.2021

Мамлекеттик ипотекалык компаниядан мурда берилген ипотеканын пайызы этап-этабы менен 4-6% төмөндөйт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 23-октябрда өткөн жылдык маалымат жыйынында билдирди.

13:13 23.10.2021

Садыр Жапаров: Тажикстан менен чек ара делимитация, демаркация бүткөн соң ачылат. Ал эми студенттер боюнча чечим кабыл алды.

13:11 23.10.2021

Садыр Жапаров: Матраимов 2 миллиард сом бюджетке төктү. Андан сырткары соода борборун, үйлөрүн күнөөсүн моюнуна алып мамлекетке төгүп берди. Ал өз күнөөсүн мойнуна алды.

"Матраимов 2 миллиард сом бюджетке төктү. Андан сырткары соода борбору, үйлөрүн алып төгүп берди. Ал өз күнөөсүн мойнуна алды. Райымбек Матраимов мыкты менежер, аны кызматка алып келүү керек" деген сөздү өзүн блогер эсептегендер чыгарып атса керек. Мамлекеттин андай саясаты жок", - деди Жапаров.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG