Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:27
Садыр Жапаров. 23-октябрь, 2021-жыл.
Садыр Жапаров. 23-октябрь, 2021-жыл.

Жылдык жыйын: Чек ара, шайлоо жана Матраимов

23-октябрда Садыр Жапаров журналисттерге жыйын өткөрүп, суроолорго жооп берди. Жыйын саат 11:00дө башталды.

"Азаттык" жыйынды сайтында, Ютуб каналында жана социалдык түйүндөрдөгү баракчаларында түз көрсөттү.

Садыр Жапаров буга чейин басма сөз жыйынын 2020-жылы, 12-ноябрда президенттин милдетин аткарып жаткан маалда өткөргөн.

13:07 23.10.2021

Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. "Центерранын" өкүлдөрү Кыргызстанга барбайбыз, сүйлөшөбүз деп сунуштаган. Бизден Жапаров, Ташиев, Зулушев, Бөлтүрүк барып, "Центерранын" сунушу боюнча сүйлөшүү өткөрдү. Биз аны карап жатабыз, анын жыйынтыгын кабарлайбыз.

13:06 23.10.2021

Криминал боюнча: Мындан ары андай болбойт. Биздин аларды тыйганга эркибиз да, күчүбүз да жетет.

13:02 23.10.2021

Садыр Жапаров: Камчыбек Ташиевдин резиденцияда жашашына мен уруксат бергем. Ал кооптуу иштерди жасап жатат, ошондуктан анын коопсуздугу маанилүү. Иштей бер, бирок коопсуздугуңа карабайм десең мамлекет үчүн эч ким иштебей коет.

13:00 23.10.2021

Орхан Инанды боюнча: Биз бийликке келгенге чейин Ош тарапка алып барып салып бергенге аракет болгон экен. Октябрь окуяларынан кийин да аңдуулар болуптур. Өзү да билет экен. Камчыбек Ташиев жаныңа сакчы алып жүр деп айткан экен. Эми ошондой болуп калды. Бирок бизде эле эмес коңшу мамлекеттерде деле ФЕТО уюмуна тиешеси бар деген кишилерди алып кеткен экен.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG