Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:24
Садыр Жапаров. 23-октябрь, 2021-жыл.
Садыр Жапаров. 23-октябрь, 2021-жыл.

Жылдык жыйын: Чек ара, шайлоо жана Матраимов

23-октябрда Садыр Жапаров журналисттерге жыйын өткөрүп, суроолорго жооп берди. Жыйын саат 11:00дө башталды.

"Азаттык" жыйынды сайтында, Ютуб каналында жана социалдык түйүндөрдөгү баракчаларында түз көрсөттү.

Садыр Жапаров буга чейин басма сөз жыйынын 2020-жылы, 12-ноябрда президенттин милдетин аткарып жаткан маалда өткөргөн.

12:49 23.10.2021

Журналисттер боюнча: Бир дагы журналистти куугунтуктаган жокпуз. Айтып атам, жаза берсин, кудайга койгула, бирок тийишпегиле деп. Мурдагы бийликтин учурунда болбогон сөздөр үчүн силерди сотко берип, сандалып эле жүрчү эмес белеңер.

Мени жамандап аткан үч-төрт сайт бар. Анткени мен алардын "Кумтөрдөн", "Мегакомдон", аэропорттон түшкөн киреше булагын жаап койгом. Мурда алар "бизди мактап жазгыла" деп акча берип турчу экен. Жаза берсин.

Журналисттин ишмердиги тууралуу мыйзамды татаалдаштырбайбыз. Оорлотуучу, чектөөчү өзгөртүүлөр болбойт.

12:44 23.10.2021

Саясий куугунтук боюнча: Саясий куугунтук эмес. Ар бир адам өзүнүн жасаган ишине жооп бериши керек. “Октябрь окуяларында баарыңар эле бийликти басып албадыңарбы, Ташиев менен Жапаров деле жооп берсин” деген журналисттер барсыңар. Бирок мен бир да мекемени басып алдымбы? Же Ташиев барып басып алдыбы? “Мына, биз сени отургуздук” дегенде да мен отурган жокмун ал жерге. УКМКны, ИИМди, прокуратураны, облустарды басып алышты. Биз бир күн ичинде ошону тартипке сала алдык. “Кээ бирөөнү куугунтуктайт, суракка чакырып жатат” деген сөздөр бар. Суракка чакырбаганда эмне кылат, чакырык жасап жатса?. Мурдагыдай президент отуруп алып “Тигини кама, муну чыгар” деген заман жок азыр. Чакырык жасап жатса ИИМ менен УКМК тынч отурушу керекпи?

Система иштеп жатат, мыйзамдар иштеп жатат азыр. Революция болгон сайын мародерлук кылып, өрттөй берген туура эмес. Октябрда коңшу мамлекеттер ойлогон экен, болду Кыргызстанда талап-тоноо башталат деп. Бирок эл ага жол бербей коруп турду го. Бул демек биздин жаштардын жарандык аң-сезими көтөрүлүп калганын билдирет.

12:40 23.10.2021

Ооганстандагы этникалык кыргыздар боюнча: Ооганстан менен Тажикстандын ортосунда келишим бар экен. Өткөрүп бербейбиз, кайра кайтарабыз деген. Ошонун негизинде Тажикстан бизге бербей койду аларды. Сүйлөшүүлөр болуп атат. Эки-үч жылда алып келебиз.

12:35 23.10.2021

Шайлоо боюнча: Шайлоо болуп көрбөгөндөй таза өтүшү керек. Ким менин атымды сатып барса добуш бербегиле. Догдурларга, мугалимдерге "аралашпагыла" деп айткам. Добуш саткан кишини да, сатып алганды да камагыла деп атам. Өзүңөр токтогула. Айыл өкмөт өз аймагында ким сатып алып, албаганын көзөмөлдөш керек. Ким бир кандидатка иштесе кызматтан кетет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG