Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:26
Садыр Жапаров. 23-октябрь, 2021-жыл.
Садыр Жапаров. 23-октябрь, 2021-жыл.

Жылдык жыйын: Чек ара, шайлоо жана Матраимов

23-октябрда Садыр Жапаров журналисттерге жыйын өткөрүп, суроолорго жооп берди. Жыйын саат 11:00дө башталды.

"Азаттык" жыйынды сайтында, Ютуб каналында жана социалдык түйүндөрдөгү баракчаларында түз көрсөттү.

Садыр Жапаров буга чейин басма сөз жыйынын 2020-жылы, 12-ноябрда президенттин милдетин аткарып жаткан маалда өткөргөн.

12:08 23.10.2021

Пакистандык жарандар боюнча: Ошол кезде Дубайга түз рейстер жабылган. Бизде каттамдар бар болчу. Бизге сураныч түшкөн. Туристтердин келгени жакшы. Бир блогер чыга калып дүрбөтсө эле эл ээрчий берет экен.

12:06 23.10.2021

Президенттик администрациянын ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысынын кармалышы боюнча Жапаровдун жообу:

Ырайым берүү боюнча акча алып атат деген маалымат мага мурда эле түшкөн. Ачык эле айта берейин, Чолпон Жакупова менен жолукканда жарандык берүүдө, ырайым берүүдө коррупция болуп атат деген.

Ошондо ушул жигитти чакырып "түрмөдө байдын балдары отурбайт, карапайым элдин балдары. Алар акыркы коюн сатып акча табууга арагасыз болот" дегем. Ал жигит албайм деген. Анын акча сурап атканы тууралуу маалымат түштү. Биз аны каматтык. Жашырып, жумуштан алып койсок болмок. Бирок андай болбошу керек.

Ушул жумада Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) пара талап кылууга шек саналып президенттик администрациянын ырайым кылуу боюнча комиссиясынын А.Т.Б. аттуу жооптуу катчысы кармалганын кабарлаган.

Шектүү 18-октябрда ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 170 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалып, Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тергөө жүрүп жатат.

11:59 23.10.2021

Садыр Жапаров ноябрдын башында Глазгодо климаттын өзгөрүүсү боюнча конференцияга барып, өлкөдөгү мөңгүлөрдү талкалаган "абийирсиз" ишканаларга каршы жардам берүүгө эл аралык коомчулукту чакыра турганын айтты.

11:58 23.10.2021

Садыр Жапаров: Соңку 4-5 жылда коңшулар менен мамиле салкындап кеткен, аны оңдоонун үстүнөн иштеп, сапарларды уюштурдук.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG