Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:25
Садыр Жапаров. 23-октябрь, 2021-жыл.
Садыр Жапаров. 23-октябрь, 2021-жыл.

Жылдык жыйын: Чек ара, шайлоо жана Матраимов

23-октябрда Садыр Жапаров журналисттерге жыйын өткөрүп, суроолорго жооп берди. Жыйын саат 11:00дө башталды.

"Азаттык" жыйынды сайтында, Ютуб каналында жана социалдык түйүндөрдөгү баракчаларында түз көрсөттү.

Садыр Жапаров буга чейин басма сөз жыйынын 2020-жылы, 12-ноябрда президенттин милдетин аткарып жаткан маалда өткөргөн.

11:54 23.10.2021

Жапаров: Келерки беш жылда ар бир кыргызстандыктын жашоосун жакшыртууга шарт түзүлөт.

Маалымат жыйында көрсөтүлгөн слайд
Маалымат жыйында көрсөтүлгөн слайд
11:54 23.10.2021

Коопсуздук кеңешинин орду жана ролу күчөтүлүүдө. Чек араны бекемдөө максатында аскер кызматкерлеринин айлык акылары жогорулатылды.

11:52 23.10.2021

Баткенди калыбына келтирүүгө баарыбыз салым кошуп жатабыз. Ата мекендик компаниялардын жардамы менен 36 үй курулду. Түркиянын жардамы менен Лейлек районунда 100 үй курулду. Баткенди өнүктүрүү боюнча форум өттү. Анын алкагында бир топ документтерге кол коюлду.

11:48 23.10.2021

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG