Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:20
Садыр Жапаров. 23-октябрь, 2021-жыл.
Садыр Жапаров. 23-октябрь, 2021-жыл.

Жылдык жыйын: Чек ара, шайлоо жана Матраимов

23-октябрда Садыр Жапаров журналисттерге жыйын өткөрүп, суроолорго жооп берди. Жыйын саат 11:00дө башталды.

"Азаттык" жыйынды сайтында, Ютуб каналында жана социалдык түйүндөрдөгү баракчаларында түз көрсөттү.

Садыр Жапаров буга чейин басма сөз жыйынын 2020-жылы, 12-ноябрда президенттин милдетин аткарып жаткан маалда өткөргөн.

11:47 23.10.2021

Кызыкдар өлкөлөрдүн баары менен кызматташууга ачыкпыз жана даярбыз. Жакында Европага жана Араб өлкөлөрүнө иш сапарлар белгиленүүдө.

11:44 23.10.2021

"Социалдык-экономикалык абалды эске алуу менен электр энергияга тарифти өзгөртпөө чечимин кабыл алдык" деп билдирди бүгүн 23-октябрда президент Садыр Жапаров Бишкекте өткөн жылдык маалымат жыйынында.

Мамлекет башчынын айтымында, учурда жаңы кубаттуулукту иштеп чыгуу үчүн бир катар долбоорлор ишке ашууда (сүрөттө). Мындан сырткары, кайра калыбына келүүчү энергия булактарына да маани берилери белгиленди.

Тармактагы абалдан улам Кыргызстанда электр тартышты жаралганын адистер белгилеп келишет. Энергетикалык коопсуздукту камсыздоого багытталган реформалар алкагындагы Токтогул, Ат-Башы ГЭСтери мурдагы бийлик учурунда башталган.

11:43 23.10.2021

Садыр Жапаров: 2022-жылы Борбор Азияда БУУнун конференциясын уюштурууну сунуштадык. Кыргызстан алдыдагы жылдарда БУУнун Адам укугу боюнча кеңешине, Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчө болууга аракет кылат.

11:42 23.10.2021

Кыргызстан өнүгүүнүн демократиялык жолунан кайтпайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG