"Независимая газета" Тажикстан Евразия экономикалык биримдигине кирүүгө кызыкпай турганын баяндайт. Орусия экономикалык кризистин айынан инвестициялык кубаттуулугун жоготкондон кийин Дүйшөмбү Кытай, Индия, Иран жана Перс булуңундагы мамлекеттер менен дипломатиялык алакаларды өрчүтө баштаганы макалада айтылат. Дүйшөмбүнүн эң башкы өнөктөшү катары Бээжин сыпатталып, жыл башында кытай ишкерлери Тажикстанда айнек чыгаруучу жана пахта иштетүүчү эки ишкана курууга 150 миллион доллар берүүгө даяр экенин жарыялашканы айтылат. Мартта ишке кирген цемент чыгарчу «Хуаксин Гаюр-Сугдцемент» ишканасынын курулушуна кытай инвесторлору 100 миллион доллар берген. Орусия болсо Тажикстан үчүн аскердик коопсуздуктун кепили жана тажик мигранттарына эмгек рыногу катары гана калууда деген жыйынтык ой айтылат.
Кыргызстан Кытайга ыктоодо
РИА Новости Кыргызстан Кытай ишканаларына эшикти кенен ачканын жазды. Макалада өлкөнүн Экономика министрлиги Бээжинге кыргыз жергесинде кытай ишканаларын жайгаштырууну сунуштаганы айтылат. Кытай-кыргыз ортосунда мындай сүйлөшүүлөр былтыр Шанхай кызматташтык уюмундагы өлкөлөрдүн жыйынында эле башталган. Бишкектин Бээжинге жөнөткөн акыркы катында быйыл Кыргызстанда 49 өндүрүш ишканасы өз ишин жандандырганы белгиленип, кыргыз өкмөтү алардын санын жыл аягына чейин 75ке жеткирүүнү көздөп турганы баяндалат. Кытай Кыргызстандын ири стратегиялык инвестору катары сыпатталып, 2014-жылы эки өлкө ортосундагы соода-сатык 1,2 миллиард доллардан ашканы белгиленет.
Казакстанда дарылануу өтө кымбат