Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:19

Абактагы жаштарды колдогон акция өттү


Елена Стригина.
Елена Стригина.

Орусияда экстремизмге айыпталып жаткан жаштардын ата-энелери менен аларга тилектештердин акциялары өттү.

28-октябрда протесттик көз карашы үчүн камакта жаткан жаштардын ата-энелери, аларга тилектештер Москва, Санкт-Петербург менен дагы бир катар шаарларда жүрүшкө чыкты.

«Сиздин жана биздин балдарыбыз үчүн» деген ураан менен уюшулган акцияга Москвадагы Федералдык коопсуздук кызматынын имаратынын алдына 500дөй адам топтолгон. Ал эми Пенза, Ростов-на-Дону, Нижний Новгород, Иркутскиде жеке пикеттер уюштурулган.

Жергиликтүү бийлик акция өткөрүүгө уруксат берген эмес. Москвада акция маалында 18 адам, Питерде 40тай адам камакка алынган. Аларга коомдук иш-чара тартиптерин бузуу, коомдук жайда уруксатсыз массалык чогулуш уюштуруу боюнча административдик протокол түзүлгөн.

Мындай акцияларды «Новое величие» менен «Сеть» иштери боюнча кармалган жаштардын ата-энелери уюштуруп жатат.

Федералдык коопсуздук кызматы бул эки кыймылга бириккен жаштарды экстремизм боюнча айыптады.

Новосибирскидеги жүрүшкө «Сеть» тобунун мүчөсү делип учурда камакта жаткан Арман Сагынбаевдин апасы Елена Стригина да чыккан. Ал уулу көчөдө улутчулдардын ур-тепкисине кабылгандан кийин антифашисттик идеяларды көздөгөн жаштардын бир кыймылына кошулганын айтты:

Арман Сагынбаев.
Арман Сагынбаев.

- Акылы бар адам фашисттерге каршыларды колдошу керек. Биздин чоң аталарыбыз фашисттер менен согушкан. Азыр башкача фашисттер пайда болду. Диний ишеним, кебете-кешпир боюнча адамды жектөөгө болбойт. Мен аны толук колдойм, анын веган болуу чечимине да каршы чыккан эмесмин. Бул террористтик көз караш эмес да. Ал эч кимди жардырайын деп ойлогон эмес. Алар мавзолейди жардырууну каалашкан деп жатышат эми. Кызыл аянт кантип корголорун билесизби?! Бул эмне деген шумдук! Мындай айыптоолорду психиатрлар карап чыгышы керек.

Елена уулу абакта ур-токмокко, кыйноого кабылганын айтууда.

- Аны кыйнашып айыпты моюнга алган көрсөтмөлөрдү алып, башка балдарга да жалаа жаптырышкан. Балдарды көрсөтүп «тааныйсыңбы?» дешет экен, «жок» десе сабап, колуна электроддорду туташтырып күйгүзүп коет экен. Аны тергөөчүгө алып барып, эмне сүйлөштү өздөрү үйрөтүп коюшуптур. Жаңылса эле кайра кыйнашат дешти. Минтип балдардын баарын эле бири-бирине каршы көрсөтмө бердирип жатышат.

Федералдык коопсуздук кызматынын маалыматы боюнча «Сеть» тобу төрт жыл мурда Пензада уюшулган. Топ Орусияда президенттик шайлоо жана Футбол боюнча чемпионат маалында жардырууларды, куралдуу жаңжалды уюштурууну, «Единая Россия» партиясы менен Ички иштер органдарынын башчыларына кол салууну көздөгөн деп айыпталууда.

«Сеть» тобунун он бир мүчөсү азыркы кезде камакта жатат.

«Сеть» тобу сыяктуу эле экстремисттик деп табылган «Новое величие» тобунун мүчөлөрүнүн баары 18-30 жаштагылар.

Балдардын ата-энелери муну «күч органдары өздөрү уюштурган чагымчылдык» катары баалап, улам каршылык акцияларын өткөрүп келет. Алар өздөрүнчө «Родительская сеть» деген топ да түзүп алган.

Буга окшош иш-чара августта Москвада Жогорку соттун алдында өткөн. Анда «Энелер маршы» уюштурулуп, 500дөй адам катышкан. Адамдар көчөгө «Эркиндик», «Балдарга түрмөдө орун жок» деген ураандар менен чыккан.

Уюштуруучулардын бири Варвара Горностаева күч органдары экстремисттик топторду өздөрү түзүп, жаштарды бутага алууда деген пикирде:

- Аларга уставын өздөрү жазып, топ түзүп берип коюп, анан түрмөгө камап жатышат. Анткени аларга "ишинин жыйынтыгын" көрсөтүү керек. Бул эч кандай коркунуч жаратпаган окуя. Биз дагы менен көчөгө чыгып, коомчулук эмне болуп жатканын билсин дедик.

Жарандык активист.
Жарандык активист.

Екатеринбургдагы уюштуруучу Ирина Скачкова бул иштер коомчулукта унутта калбашы үчүн акциялар маал-маалы менен өткөрүлүп жатканын белгиледи:

- Мыйзамсыздык өсүп баратат. Тергөөчү кылмышты өзү уюштуруп, аны өзү тергеп жатпайбы. Жаштарды алар өздөрү кылмыштарга түртүп, козутууда.

Августтагы жүрүштөрдөн кийин «Новое величие» иши боюнча айыпталгандардын экөө - 18-19 жаштагы Анна Павликова менен Мария Дубовик үй камагына чыгарылган. Жалпысынан топтун он мүчөсү Москвада март айында камакка алынган. Алар Орусиядагы бийликти кулатууну көздөгөн экстремисттик топ түзгөнү үчүн айыпталып жатышат.

Социалдык тармактарда кызыкчылыктары төп келип таанышкан жаштар башында «Макдональдста» чогулуп, саясатты жана жаңылыктарды талкуулап турушкан. Кийин "Телеграм" социалдык түйүнүндө өзүнчө чат ачып, кийин атайын кеңсени ижарага алышкан.

Кийин ошол кеңседе Орусияда бийликти кулатуу жөнүндө сөздөр болгону аныкталып, чакырыктар жазылган кагаздар табылган.

Ошондой эле алар Москва облусунда Хотьковонун алдындагы эски полигонго барып, ал жакта “Сайга” мылтыгынан ок атып, "Молотов коктейлдерин" жасоону үйрөнүшкөн.

Айыпталуучулардын адвокаттары мунун баарын ФСБнын агенти делген Александр Константинов (чатта Руслан Д. деген ат менен) уюштуруп, топтун уставын жана программасын өзү жазганын айтып келишет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG