29-февраль күнү Москванын түндүк-батыш тарабында, метронун “Октябрское поле” станциясынын жанында наристенин кесилген башын көтөрүп алган аял өзүн “жанкечти” экенин жар салып жүрдү.
Орус тилинде акцент менен сүйлөгөн, кара көйнөк жана хижапка окшош кара жоолук салынган аял “Мен террористмин. Мен өлөм, бирок силер жазаңарды аласыңар” деп жар салууда. Анын бул жоругу миңдеген москвалыктардын үшүн алды.
Күбөлөрдүн айтымында, аял баланын башын мүшөктө алып келген. Полиция аны колго түшүргөн маалда “Аллах акбар!” деп кыйкырган.
Москва полициясынан алынган алгачкы маалыматарга ылайык, шектүү Өзбекстандын Самарканд облусунун тургуну, 39 жаштагы Гулчехра Бабакулова экени аныкталды. Аялдын психикалык саламаттыгын текшерүү үчүн комиссия дайындалды.
Орусиялык маалымат каражаттары маркум наристенин ысымы Настя экенин жазып чыгышты. Тергөө маалыматтарына караганда, Бабакулова кыздын ата-энеси жумушка кеткенден кийин аны өлтүрүп, башын кескен. Андан кийин үйгө өрт койгон. Куткаруучулар баланын башсыз денесин табышкан.
“Комсомольская правда” басылмасы шектүү “Мен демократияны жек көрөм! Алар менин баламды өлтүрүштү, мен баарыңарды жардырам!” деп кыйкырык салганы тууралуу кабарлады.
Күбөлөр алгач аял куурчактын башын көтөрүп жүрөт деп ойлошкон. Бирок адамдын денеси экенин билгенден кийин дүрбөлөңгө түшүшкөн.
Орусиянын Ички иштер министрлиги окуя тууралуу азырынча расмий комментарий бере элек.
Маалыматтарга караганда, өлгөн кыз баса алчу эмес. Ата-энеси жана 15 жаштагы агасы менен Орлов облусунан көчүп келип, Москвада ижара үйдө жашап жатышкан. Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, үлпөт көйнөктөр сатылган дүкөндө иштеген апасы кызы менен болгон окуяны угар замат өзүн жоготуп, ооруканага түшкөн. Атасы уюлдук компаниялардын биринде техник болуп эмгектенет. Алардын айтымында, кылмышка шектүү аял 18 айдан бери бала багуучу болуп иштеп келген.
Эксперттер Түндүк Кавказдан чыккан согушкерлер соңку жыйырма жыл ичинде Москвада бир канча жардырууларды уюштурганы менен мынчалык үрөй учурган жорук жасашпаганын белгилешет.
Бул окуя Борбор Азия жана Кавказдан барып Орусияда иштеп жаткан мигранттар менен жергиликтүү калктын ортосунда тирешүүнү курчутушу ыктымалдыгы болжолдонууда.