Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:48

Орусияда "Антимайдан" кошуундары пайда болду


Кошуундардын максаты өлкөдөгү абалды туруксуздаштырууну каалаган оппозициянын аракетин ооздуктоо.
Кошуундардын максаты өлкөдөгү абалды туруксуздаштырууну каалаган оппозициянын аракетин ооздуктоо.

Орусиянын аймактарында "туруксуздукту каалаган" оппозициянын аракетин ооздуктоо боюнча бийликке көмөк көрсөткөн кошуундар түзүлүүдө.

Майданга каршы атайын кошуундун ар бири 10 адамдан куралып, онбашы жетектейт. Ыктыярчылардан турган мындай топтор жакында эле пайда болгон «Майданга каршы» кеңеш тарабынан негизделүүдө.

Аталган кеңешке орус армиясынын ардагерлери, активисттер, атайын жоокерлер жана православ коомунун өкүлдөрү кирет.

«Известия» басылмасы маалымдагандай, кошуундар өз ишмердүүлүгүн ушул айда баштайт жана алар тартип коргоо кызматтары менен тыгыз кызматташат.

«Майданга каршы» кеңештин башчысы Евгений Шабаевдин айтымында, кошуундар өз ишин алгач Украина менен чек аралаш аймактарда жана Орусиянын борбордук облустарында башташат. Кийинчерээк алардын ишмердүүлүгү бүтүндөй өлкө аймагына жайылат.

- Азыркы Украинадагы абал Орусияда да кайталанчудай болуп турат. Орусиядагы Болотая аянтындагы оппозициянын каршылык акциялары Украинадагы сценарийге окшошуп бараткандай. Августта Москвадагы Украинанын жана Голландиянын элчиликтеринин алдында өткөн мыйзамсыз митингдерде украин өкүлдөрү, тактап айтканда, «Майдандын аялдары» катышканы белгилүү болду. Ал эми 21-сентябрга белгиленген оппозициянын «Тынчтык маршында» дагы көп эл чогулары, арасында украиналыктар дагы болоору маалым болду. Биз баарын мыйзам чегинде текшерип, көзөмөлгө алабыз. Мына ушундан улам биз укук коргоо органдарына өз жардамыбызды, колдообузду сунуштадык”,- деди Шабаев.

Өткөн айда кеңештин башчылары алардын башкы максаты – орус өкмөтүн жана конституциялык түзүлүштү уратууну көздөгөн Батыш пропагандасы эмне экенин жөнөкөй жарандарга түшүндүрүп берүү экенин билдирген. Ошондой эле 14-15-сентябрда өтө турган жергиликтүү жана аймактык шайлоолордо билйикке каршы уюмдар абалды туруксуздаштыруу үчүн ар кандай акцияларды өткөрүүнү көздөп жатканын эскертишкен.

Бул кеңештин мүчөлөрүнүн арасында аскерий чалгын боюнча орус армиясынын ардагерлер уюмунун жетекчилеринен баштап “Түнкү карышкырлар” мотоклубунун өкүлүнө чейин бар.

“Известия” гезити кошуундарды түзүү демилгеси орус эксперттеринин арасында түрдүү пикирлерди жаратканын жазып чыкты.

Москвадагы ЕврАзЭс институтунун башчысы Владимир Лепехиндин айтымында, бул кошуундар зарыл жана алар өз маалында түзүлүп жатат. Ал мындай ыктыярдуу топтордун катышуусу менен мамлекеттик системанын иши эффективдүү болот деп эсептейт. Ал эми саясий эксперттер тобунун башчысы Константин Калачевдин көз карашында бул демилге коомчулук тарабынан нааразылык жаратып, арты жаман аякташы мүмкүн. Ал мындай кошуундарды түзүүнүн кажети жок, себеби орус калкынын басымдуу бөлүгү Майданга терс көз карашта жана Орусияда украин окуяларынын кайталанышы мүмкүн эмес деген пикирде.

Соңку айларда мурдагы пост-советтик өлкөлөрдө Украинадагы окуяларды баяндаган “20. Майдандагы каршылыкты өзгөрткөн күндүн 20 күбөсү» даректүү тасмасы көрсөтүлүүдө. Мурдагы советтик мейкиндикте бул тасманы ар кандай маанайда кабыл алышууда. Маселен, Бишкекте фильмдин көрсөтүлүшүнө Маданият министрлиги бут тоскондугун «Бир дүйнө» укук коргоо кыймылы айтып чыкты. Даректүү тасма көрүүчүлөргө чыгаарда кинотеатрдын жарыгы өчүп калып, укук коргоочу уюм аны өз кеңсесинде көрсөтүүгө мажбур болгон.

Ал эми ушул эле тасма Алматыда эч кандай тоскоолдуксуз көрсөтүлдү. Даректүү тасманын авторлорунун айтымында, фильмде баарына белгилүү окуялардан сырткары Майдандын ички жашоосу да чагылдырылган.

Өткөн жылы Украинанын Евробиримдик менен интеграциясын талап кылган украиналыктар Киевдин борборундагы Майданга чогулуп, ал кездеги президент Виктор Януковичтин бийлигине каршы узак мөөнөттүк нааразылык акциясын башташкан. Кыштын кыраан чилдесинде үч ай Киевдин Төбөлсүздүк аянтында отурган украиналыктардын каршылыгынан улам Янукович бийликтен кулатылган. Январь-февраль айларындагы кандуу кармаштарда жүздөн ашык киши набыт болгон.

XS
SM
MD
LG