Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:27

Допинг чыры: "коктейл" ичкен спортчулар


New York Times гезити Москвадагы допингге каршы лабораториянын мурдагы башчысы Григорий Родченковдун күндөлүгүн жарыялады. Макала орусиялык спортчулардын кызытма чуусу күчөп, спортчулар медалдарынан ажыраган маалда жарык көрдү. Эмки аптада Эл аралык олимпиада комитети Орусияны 2018-жылы Түштүк Кореяда өтчү кышкы оюндарга катыштырабы же жокпу – чечим кабыл алат.

New York Times гезитинин журналисттеринин колуна 2016-жылдан бери АКШда жашаган, Москвадагы кызытмага каршы лабораториянын мурдагы башчысы Григорий Родченковдун эки калың күндөлүгү тийген.

Химик 2014-15-жылдары орус өкмөт мүчөлөрүнүн уруксаты менен Сочи олимпиадасында жана андан кийин атлеттерге тыюу салынган дары-дармекти кантип берип турушканын жазган.

Олимпиадалык кураманын мүчөлөрү үчүн “коктейлдер” үч түрлүү анаболитикалык стереоддерди мартини ичимдигине аралаштырып даярдалган. Аларды Родченков адегенде өзү ичип көрүп, анан спортчуларга берген.

Күндөлүктө мурдагы спорт министри Виталий Мутко жана башка бул тармакты тейлеген аткаминерлер менен жолугушуулардын чоо-жайы кылдат тизмеленген.

Сочи олимпиадасы
Сочи олимпиадасы

28-ноябрда Допингге каршы дүйнөлүк агенттиктин иликтөөчүсү Ричард Макларен Орусия кызытма колдонуу программасын мамлекет колдогонун моюнга албаса, анын спортчулары азыркыдан да оор жазага кабыларын эскертти.

2016-жылы ал жетектеген комиссия орус спортундагы кызытма колдонуунун масштабдуу системасы бардыгын көрсөткөн баяндама жарыялаган. Анда атлеттердин кызытмага алынган анализдерин будамайлоого ФСБнын кызматкерлери аралашканы көрсөтүлгөн.

Орусия кызытма доосун четке какканы менен менен эки апта мурун Орусинын антидопинг агенттигинин жетекчиси Юрий Ганус бул жаатта аткарыла турган иштер бардыгын моюнуна алган. ​«Доклад олуттуу түрдө көңүл бура турган салмактуу документ. Андыктан менин кошумчаларым – маселе талылуу – андан качпай, анын үстүндө иштөө керек" - деген Ганус Москвада өткөн маалымат жыйында.

Өткөн аптада британиялык The Daily Mail гезити Родченков Эл аралык футбол федерациясы - ФИФАга ондогон орусиялык футболчулар, алардын ичинде улуттук кураманын оюнчулары кызытма колдонгонун далилдеген маалыматтарды берерин жазган. Орусиянын футбол кеңеши болсо Родченковдун адвокатынын айтканын “болбогон чагым” деп баалашты.

Дүйшөмбү күнү ФИФАнын президенти Жанни Инфантино 2018-жылкы чемпионатта спортчулар кызытмага тыкыр текшерүүдөн өтөөрүн баса белгилеген.

Кызытмага байланыштуу Жеңил атлетика боюнча эл аралык ассоциация дагы Орусиянын федерациясын мелдештерден четтетти. Эми бардык текшерүүдөн өткөн атлеттер эл аралык мелдештерге нейтралдуу макам менен гана катышса болот.

Орусия допинг чырынан улам Сочи олимпиадасында жеңген медалдардын саны боюнча биринчилигин жоготуп, Норвегия менен Канададан кийинки үчүнчү орунга жылды.

Эл аралык олимпиада комитети ушуга чейин 2018-жылдын февраль айында Түштүк Кореяда өтчү кышкы оюндардан 19 орусиялык атлетти четтетти.

Эмки аптада комитет Орусиянын курамасын Пхёнчхан Олимпиадасына катыштырабы же жокпу – чечим кабыл алат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG