Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:05

Москва: жашыруун түрмөдөгү азап


Орусиялык басылмалар Москванын четинде терроризмге шектелип кармалган адамдарга зордук-зомбулук көрсөткөн атайын түрмө жөнүндө жазып чыгышты. Орусияда терроризмге шектелгендерди расмий тергөө ишине чейин кыйноого алган бул жай жөнүндө Санкт-Петербургда болгон жардырууну уюштурган деп камакка алынган бир тууган Азимовдор билдиришкен.

Апрелде Санкт-Петербургдагы метродо болгон жардырууну уюштуруучу катары шектелип камакка алынган ага-ини Акрам менен Аброр Азимовдор расмий тергөө ишине чейин белгисиз жайда ырайымсыздык менен кыйноого кабылганын билдиришкен.

Азимовдордун жактоочулары Дмитрий жана Ольга Динзе Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматына тиешелүү делген бул жашыруун түрмө тууралуу маалыматты текшерүү боюнча арыз менен Башкы прокуратурага кайрылган.

3-апрелде Питердин метросундагы жардыруудан 14 адам каза таап, элүүгө жакын адам жараат алган. Тергөө Кыргызстанда туулуп-өсүп, кийин Орусиянын жарандыгын алган 22 жаштагы Акбаржан Жалилов жардырууда жанкечти болгон деп аныктаган. Кийин Орусиянын атайын кызматтары терактты уюштуруучу катары теги кыргызстандык Аброр Азимов менен анын иниси Акрам Азимовду камакка алган.

Аброр Азимов
Аброр Азимов

24-июлда Аброр Азимов 4-апрелден 17-апрелге чейин «ФБСнын жашыруун түрмөсүндө» кыйноого кабылганын баяндап, Башкы аскердик тергөө башкармалыгына арыз менен кайрылган. Расмий маалыматта Аброр Азимов 17-апрелде Москванын четиндеги Одинцово районунда темир жолдо кармалганы маалымдалган болчу. Азимов ага чейин Москванын түштүк-батышында жайгашкан жашыруун түрмөдө болгонун, бул жайда кармалгандардын басымдуусу борбор азиялыктар экенин айтып берген.

Эки уулу туш болгон кырдаал жөнүндө Ахрал Азимов дагы билдирүү жасаган.

- Менин балам Аброр Азимовду чүмбөтчөн адамдар - ФСБнын кызматкерлери уурдап кеткен. Аны эки жума башына кап кийгизип алып бир түрмөдө кыйнашкан. Кылбаган нерселерди моюнуна алууга мажбурлашкан. Андай кыйноолордон кийин ким болбосо дагы макул болот баарына. Ага козголгон кылмыш ишти жок жерден тагышкан. Жактоочу кийин гана берилген. Андан кийин экинчи балама дагы ошондой зомбулук көрсөтүлгөн.

Акрам Азимов
Акрам Азимов

Ал эми Питердеги терактты каржылоого көмөктөшкөн делген Акрам Азимов 19-апрелде кармалганын Федералдык коопсуздук кызматы маалымдаган. Жактоочу Ольга Динзе 15-апрелде кармалган Акрам Азимов дагы төрт күн бою жашыруун түрмөдө кыйноолорго дуушар болгонун билдирген.

- Акрам Азимовду 15-апрелде Москвага күзөтчүлөрдүн коштоосунда алып келип, учактан кийин көзүн таңып, автоунаа менен белгисиз жакка алып барышкан. Аны ырайымсыздык менен кыйнашып, бетон полго жылаңач кармашкан. Суу, тамак беришкен эмес. Кийин тергөөчүгө айтып бересиң деп көрсөтмөлөрдү жаттатышкан. Ток менен урдуруп, анан улам эсине келтирип кыйноолорду улантышкан. Балдары жана аялынын өмүрү менен коркутушкан. Төрт күндөн кийин автоунаага салып барып, аны аялдамада сумкасындагы граната менен кармагандай кылып Интернетке видео тартышкан. Андан кийин тергөө комитетинде авдокат берилген, бирок ал видеофильм көрүп, котормочу менен тамашалашып гана отурган. Ал эми Акрамдын көрсөтмөлөрү суракка чейин эле алдын ала кагазга терилип, даярдалып турган.

Жактоочу Ольга Динзенин билдирүүсү боюнча учурда Аброр менен Акрам Азимовдор «Лефортово» деп аталган тергөө изоляторунда камакта. Ал эми алардын арыздары 51-Аскерий-тергөө комитетинин башкармалыгына жөнөтүлгөн.

Москванын четиндеги атайын кызматтын «жашыруун түрмөсү» тууралуу орусиялык журналист Илья Рождественский иликтеп чыккан. Ал бул жай жөнүндө 2011-жылдан бери айтылып келгенин, жашыруун түрмөдөгү ырайымсыз кыйноолорго дагы бир нече адам кабылганын жазган. Журналисттин иликтөөсүндө жашыруун түрмөгө адамдарды уурдап барып, кыйноого алгандар өздөрүн Федералдык коопсуздук кызматтын мурдагы кызматкерлери деп тааныштырары айтылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG