Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:04

Орусия Астанадан шек санады


Орусия эки жыл мурда батыштын азык-түлүгүнө эмбарго киргизген.
Орусия эки жыл мурда батыштын азык-түлүгүнө эмбарго киргизген.

Орусиялык басма сөз каражаттарында жарык көргөн Борбор Азия тууралуу жаңылыктарга сереп.

Орусияны шектенткен азык-түлүк

РБК басылмасы Орусия өлкөдө тыюу салынган батыштын азык-түлүктөрүн сатууда деп Казакстандан шектенип жатканын жазат.

Орусиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматы Казакстандан жасалма документтер менен санкцияга илинген азык-түлүк келип жатканын маалымдаган.

Федералдык кызматтын башчысы Сергей Данкверт казак кесиптештери менен тез арада бул маселени карап чыгып, тийиштүү чаралар көрүлөрүн белгилеген. Ал Евразиялык биримдикте жасалма документтер жана мыйзамсыз жол менен товар сатууга жол бербөө керектигине токтолгон.

Европа Биримдигинин, АКШ, Канада жана башка бир катар батыш өлкөлөрүнүн азык-түлүгүнө жана товарларына эмбаргону Орусия эки жыл мурун киргизген. Май айында Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев бул санкцияларды 2017-жылга чейин улантууну буюрган.

Тажикстан ЕАЭБ акчасына азгырылабы?

"Известия" гезити Евразия экономикалык биримдиктин антикризистик фондунан Тажикстанга 40 миллион доллар берилгенин баяндайт. Айрым эксперттер муну акыркы кезде Кытайдын таасири күчөгөндүктөн, Тажикстанды биримдикке кошуп алуу үчүн жасалган кадам деп баалашкан.

Насыя каражаты 2009-жылы Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан тарабынан түзүлгөн аймактык каржы фондунан берилмекчи. Макалада бул фонддун башкы демөөрчүсү катары Орусия көрсөтүлүп, бардык каражаттын 88 пайызын, тактап айтканда 7, 5 миллиард доллар Кремл тарабынан бөлүнгөнү белгиленген.

Тажикстандагы Стратегиялык изилдөөлөр борборунун адиси Сайфулло Сафаров Дүйшөмбүгө насыя берүү демилгесин Кремл көтөрүп чыкканын болжолдойт. Сафаров 40 миллион долларды Евразия экономикалык биримдикке чакырууда жагымдуу белек катары эсептеп, Дүйшөмбү деле биримдикке кирүүгө көз карашы түз экенин айткан. Анткен менен былтыр Тажикстанга кирген чет элдик инвестициянын 60 пайызы Кытайдан жасалганы, Орусияныкы 8 пайызга жетпегени дагы макалада белгиленип, Бээжин Дүйшөмбүнүн башкы өнөктөшү деп сыпатталган.

Назарбаев ишкерлерди салыктан бошотот

"Дни.ру" басылмасы Нурсултан Назарбаев Казакстанга инвестиция алып келген орусиялык жана башка чет өлкөлүк ишкерлерди 10 жылга чейин салыктардан бошотууну убада кылганын баяндайт. Ага кошумча инвесторлордун объектилери өндүрүшкө киргенде кеткен чыгымдардын 30 пайызын кайтарып берүүнү дагы моюнуна алган.

Макалада Казакстанда 6 миң орусиялык ишкана бары, ал эми Орусиянын өлкөгө салган инвестициясы 25 миллиард долларга бааланганы айтылат. Ошондой эле орус-казак президенттери Евразия экономикалык биримдикке Кытай менен Иранды чакырып, ири евразиялык интеграциялык кызматташтык түзүүнү пландаштырган.

Казакстанда эмки жылы Expo-2017 эл аралык көргөзмөсү өтөрү, Батыш Европа менен Батыш Кытайды туташтырчу автомагистралдын курулушу аяктары жана Астанада ири эл аралык каржы логистикалык борбор курулары дагы кошумчаланат.

Москва Ашхабадга кол сунууда

"Росбалт" маалымат агенттиги Москва Ашхабадга таасирин күчөтүү үчүн ооган талиптерин коркунуч катары колдонууда деп жазат. Макалада Түркмөнстандын 80 миң аскери региондогу өлкөлөрдүн ичинен эң алсыз армия катары сыпатталып, ооган-түркмөн чек араларында маал-маалы менен катталып турган куралчан кагылышуулар баяндалат. Мындай жагдайда Москва коопсуздук маселесин көтөрүп, Ашхабадга аскерий колдоо көрсөтүү менен өзүнүн таасирин күчөтүүнү ниет кылып жатат деген ой баса белгиленет.

Түркмөн-орус алакасы мунай баасы түшүп кеткенден бери сууп калганы айтылып, орусиялык “Газпром” менен “Түркмөнгаз” ишканасынын ортосундагы келишпестиктер мисал келтирилет. "Ашхабад дагы деле Москванын аскерий колдоосунан баш тарта берсе, Кремл дагы кандай айла табат?" деген суроо көтөрүлөт.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG