Батыш- 2017 машыгуусу The Economist басылмасы жазгандай, Европада Кансыз согуш доору аяктагандан берки эң ири аскерий иш-чара болгону жатат.
Орус расмий жана аскерий өкүлдөрү бул стратегиялык аскерий машыгууга 13 миңдей жоокер жана 700дөй согуштук техника тартылат деп маалымдашканы менен, The Economist басылмасынын болжолунда, кеминде 100 миңдей аскер, анын ичинде 2015-жылы реформаланган Гвардиялык 1-танктык армия да катышары күтүлүүдө.
Машыгуу Орусиянын Батыш аскерий округу менен бирге НАТОнун үч мамлекети менен чектешкен Беларустун аймагын да камтыйт.
Москванын 14-20-сентябрдагы аскерий машыгуусу НАТО-Орусия кеңешинин акыркы жылдары абдан сейрек чогулуп калган жыйынында, өткөн айда талкууланып, андан соң башкатчы Йенс Столтенберг төмөнкүлөргө токтолгон болчу:
- Орусия бизге Батыш -2017 машыгуусу боюнча аскерлердин жалпы саны эле эмес, ага катышуучу учактар, кемелер, ошондой эле орус, беларус жоокерлери боюнча да өз-өзүнчө маалымат берди. Андан кийин НАТОнун бир катар мүчөлөрү суроолорун жолдошуп, биз ошол сандарды талкууладык. Бирок мурдагы машыгуулар менен байланышкан тажрыйбалардан улам бизде ага расмий айтылгандан көбүрөөк аскер катышат деп болголоого негиз бар.
Өзү Орусия Батыш машыгууларын соңку кездери ар төрт жылда бир өткөрүп келүүдө. Буга чейинкилери 2009, 2013-жылдары болгон. Бирок быйылкысынын өзгөчөлүгү ал Крымдын анексиясынан берки алгачкысы жана Москва менен НАТОнун мамилеси чыңалган учурга туш келгенинде.
Буларга кошумча британдык The Economist басылмасы Орусиянын бул ири машыгуусунда НАТОну кооптондурган жагдайлар катары машыгуу шылтоосу менен узак аралыкка жетүүчү ракеталардын, чалгынчы дрондордун орун которуштуруусун, атайын аскерий бөлүктөрдүн жаңы турумдарга жылдырылышын мисалга тартат.
Батыш аскерий өкүлдөрү быйылкы машыгуулардын шарапаты менен орус аскерлери Беларуста да биротоло калтырылабы деп боолголошот.
НАТО мындан сырткары Орусия ЕККУ уюмунун аскерий аракеттерде ачык-айкындыкта талап кылган, Вена документи деген келишимдин шарттарын сактабай жатканына тынчсызданат.
Москва да катышуучусу болгон ал келишимдин жоболоруна ылайык, эгер машыгууга тогуз миңден ашуун аскер тартылса, күн мурунтан маалымат берилүүсү, эгер 13 миңден ашуун аскер катышса ЕККУ өлкөлөрүнөн байкоочулар чакыртылуусу абзел.
Бирок The Economist басылмасы белгилегендей, 2013-жылдан бери эле көп санда аскер тартылган чукул машыгуудан кеминде бешөөнү уюштурган Орусия ошол Вена документинин талаптарын сактабай жатат.
Орусиянын НАТОдогу элчиси Александр Грушко өткөн айда мындай дооматтарга жооп кайтарып:
- Эгер бул аскерий машыгуу (Батыш -2017) Вена документинде мерчемделген чен-өлчөмдөргө шайкеш келсе, анда ал сакталат, болбосо жок. Бирок силер эске алып коюшуңар керек, орус-беларус машыгууларынын маанилүү бөлүгү Беларустун аймагында өткөрүлмөкчү. Мен билгенден, Беларуста машыгууну айрым бир бөлүктөрүнө конокторду чакыруу ниети бар, - деген.
Беларус демекчи президент Александр Лукашенко өзү да мурдараак алдыдагы машыгуудан кийин орус аскерлери Беларуста калып калат, балким төңкөрүш да жасайт деген коркутуу-эскертүү ага батыш расмийлери тараптан утур-утур болгонун, бирок мунун максаты - эки өлкөнүн саясий жана аскерий биримдигине шек келтирүү деп ырастаган эле.
Крымдын 2014-жылкы анексиясынан кийинки жараяндар НАТО Чыгыш фланг, Орусия Батыш фланг деп атаган аймактарда эки тарапты тең аскерий турумдарын чыңдоого, машыгууларды дембе-дем уюштурууга алып барды.
НАТО өткөн айда эле Польша - Литва чек арасында, Венгрия, Румыния, Болгария аймагында, Орусия болсо ушул айдын башында Калининградда, Балтика деңизинин жээгинде машыкты.