Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:39

Орусия аза күтүүдө


Кырсыктан 92 кеши мүрт кетти.
Кырсыктан 92 кеши мүрт кетти.

Бүгүн Орусияда учак кырсыгынан каза тапкандарга аза күтүүдө. Сочидеги аэродромдон Сирияга бараткан Коргоо министрлигинин Ту-154 учагы 25-декабрда Кара деңизде кыйраган. Анын ичиндеги 92 адамдын баары каза болду.

Авиакырсыкта набыт болгон 92 адамдын 11инин сөөгү Кара деңизде табылып, Москвага алып келинди. Ошондой эле кыйраган учактын жүздөн ашык бөлүгү табылганын Коргоо министрлигинин маалымат катчысы Игорь Конашенков билдирди:

- Учак кулагандан кийинки алгачкы 24 сааттын ичинде 11 адамдын сөөгү жана учактын 154 калдыгы табылды. Издөө иштери уланып, куткаруучулардын саны өсүүдө. Издөө-куткаруу операциясы үч мөөнөт менен жүргүзүлүп жатат. Операцияга катышып жаткан кызматкерлердин саны 3500гө жетти.

Мүрт кеткендердин 68и Александров атындагы ыр-бий ансамблинин өкүлдөрү болгон.
Мүрт кеткендердин 68и Александров атындагы ыр-бий ансамблинин өкүлдөрү болгон.

Кыйроого техникалык мүчүлүштүк, экипаждын катачылыгы, начар күйүүчү май себеп болушу мүмкүн деген божомолдор каралып жатат. Бул тууралуу билдирген транспорт министри Максим Соколов теракт версиясы да каралып жатканы менен, ага азырынча басым жасалбаганын белгиледи.

Учурда набыт болгондордун туугандарына ар тараптуу жардам көрсөтүлүп жатканын коргоо министринин орун басары Павел Попов айтты:

- Кырсыкта мүрт кеткендердин үй-бүлө, туугандары менен байланыш түзүлдү. Учурда алар менен да иштеп жатабыз. Психологиялык жардам көрсөтүп жатабыз. Албетте бул чоң жоготуу, чоң кайгы.

Набыт болгондордун аты-жөнү Коргоо министрлигинин сайтына жарыяланды.

Азырынча Кара деңизден 11 адамдын сөөгү табылды.
Азырынча Кара деңизден 11 адамдын сөөгү табылды.

Росавиациянын башчысы Александр Нерадько жекшембиде ТУ-154 классындагы учактар жарандык авиациядан чыгарылганын, азыр аларды аскерлер гана колдонорун айтты.

Сочиде кулаган ТУ-154 учагындагы 92 адамдын арасында Александров атындагы ыр-бий ансамблинин 68 өкүлү болгон. Артисттер Сириядагы Латакия шаарында жайгашкан Хмеймим авиабазасындагы орус аскерлери үчүн майрамдык концерт койгону баратышкан. Ошондой эле каза болгондордун арасында “Адилеттүү жардам” фондунун жетекчиси Елизавета Глинка жана орус маалымат каражаттарынын тогуз өкүлү болгон.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу министрликке караштуу медициналык мекемелердин бирине Глинканын ысымын берүү чечими кабыл алынганын билдирди.

25-декабрда таңкы саат беш жарымда Москвадан Сирияга бараткан учак Сочиде Кара деңизден бир жарым чакырым алыстыкта кулаган. Ал Сочи аэропортуна май куюп алуу үчүн токтогон. Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, Ту-154 Сочидеги Адлер аэропортунан жаңы көтөрүлгөндө эле радарлардан жоголуп кеткен.

Мурдараак учактын калдыктары деңиз түбүндө, ондогон метр тереңдикте экени кабарланган. Жекшемби кечинде анын болжолдуу кыйраган жери аныкталып, тийиштүү чаралар көрүлүп жатканы маалым болгон.

Москвалыктар ансамбль концерт койгон залдын алдына гүл таштап, шам жагышууда.

Ту-154 учагы 1983-жылы чыгарылган. Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, соңку ирет 2014-жылы толук оңдоо-түздөө иштеринен, ал эми үч ай мурда текшерүүдөн өткөн.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG