Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:59

Москва: саясатка айланган улутчул маанай


Москва, 11-декабрь, 2010-жыл
Москва, 11-декабрь, 2010-жыл

15-декабрда Москвада, айрым маалыматтарга караганда, интернет аркылуу байланышып, радикалдык кыймыл уюштурууну көздөп жаткандарга бөгөт коюу аракети көрүлдү.

11-декабрда Манеж аянтында орун алган башаламандыктардан кийинки чыгымдарды Федералдык кеңеш менен Москва бийлиги эсептөөдө.

Ал күнү көчөгө чыккандар менен милициянын кагылышуусунан 30дан ашуун киши жаракат алып, улутчул маанайдагы чакырыктар орун алган.

Манеж аянтына чыккандар кавказдыктарды “ооздуктоо” талабын коюшту. Ошол эле күнү интернет аркылуу тараган маалыматта Кавказдан чыккан жаштар 15-декабрда жооп ирээтинде Москвадагы аянттардын биринде жүрүш жасай турганы айтылган. Студенттердин жердештик кеңешинин лидерлеринин бири Азамат Минцаев сыналгы аркалуу “Европа аянтына 8-10 миң кавказдык жаштар чыгат” деп айткан.

Радикалдык маанайдагы улутчул жаштар футбол күйөрмандары менен кошулуп башталган акциянын аягы кан төгүү менен аяктады. Бул окуя Кремлден тарта бардык жергиликтүү жетекчилерди тикесинен тик тургузду. Диний лидерлер: православдардын башчысы Кирилл, мусулмандардын башчысы Гайнутдин мамлекеттик сыналгы аркылуу жаштарга кайрылуу жолдошту.

Айрым серепчилер өлкөдө көптөн бери тамырын жайып келаткан улутчулдук маанай 2012-жылкы шайлоо чукул калганга байланыштуу ачыкка чыкканын айтып, мындай маанайды кимдир бирөө курчутуп жатканын кошумчалашат.

“Спартак” тобунун күйөрмандарынын лидери Евгений Селеменовдун айтымында, Манеждеги кагылышууга футбол сүйүүчүлөрүнүн эч кандай тиешеси жок:

- Биз аны уюштурган эмеспиз жана мындан ары да эч кандай саясий оюндарга катышпайбыз.

Айрым маалыматтар боюнча кагылышууда 32 киши жарадар болуп, 7 киши ооруканага жеткирилген. Милиция 70ке жакын кишини кармаган. Кавказ жана Орто Азиядан барган ондон ашуун кишиге “башаламандыкка катышкан” деген айып менен кылмыш иши козголду.

“Мыйзамсыз миграцияга каршы” кыймылынын өкүлү Владимир Ермолаев Манеж аянтындагы башаламандыкка алардын тиешеси болбогонун айтты. “Бүгүн биз эмес, бардык Орусия террорчулукка каршы нааразылыгын билдирип чыкты”,-деди ал.

Владимир Ермолаев мурдагы советтик республикалардын ортосунда виза режими киргизилип, Түндүк Кавказ чек арасын таптакыр жабуу керек деп эсептейт. Мындай талаптын акыры эмнеге алып келерин “Сова” маалымат борборунун жетекчилеринин бири Галина Кожевникова айтты:

- Түндүк Кавказ менен өтчү чек араны жабуу керек деген абдан күчтүү талап. Кантсе да муну айтып аткандар өлкөсүнүн географиясын унутуп калган.

XS
SM
MD
LG