Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

Додонов: Мигранттарга каршы өнөктүк болду


Орусиядагы аймактык шайлоолор кыргыз мигранттары үчүн кандай маанайда өттү, орус жарандыгын алган кыргызстандыктар добуш бериштиби? Бул суроолорго Орусиядагы “Кыргыз биримдиги” коомдук уюмунун төрагасынын орун басары Тилек Додонов жооп берди.

"Азаттык": Эң ири кыргыз диаспорасы Орусияда, анын ичинде Москва шаарында. Борбор калаанын мэрин шайлоодо диаспора ичинде кандайдыр бир активдүүлүк байкалдыбы?

Додонов: Мэрликке талапкерлердин дээрлик баары мигранттарга каршы чаралар колдонулсун деген ураандар менен чыкты. Айрымдар муну программаларынын пункттарына киргизишти. Мигранттарга каршы өзүнчө эле “истерика” болду десек да болот. Бул албетте ар бир адамга таасир этет. Биздин диаспорага да терс таасирин тийгизди, себеби мындай кырдаалда мүмкүнчүлүк бар болгон күндө да добуш бергилери келбейт.

"Азаттык": Демек, орус жарандыгын алган кыргызстандыктар шайлоого дээрлик катышкан жок?

Мэрликке талапкерлердин дээрлик баары мигранттарга каршы чаралар колдонулсун деген ураандар менен чыгышты. Айрымдар муну программаларынын пункттарына киргизишти. Мигранттарга каршы өзүнчө эле “истерика” болду десек да болот.

Додонов: Туура. Шайлоого катышуу үчүн орус жарандыгы менен бирге каттоосу болушу зарыл. Бир мүлккө ээ болуп, үй сатып алышы керек. Бул жакта жашагандардын көбү убактылуу каттоо менен эле жүрүшөт.

"Азаттык": Москвада үй сатып алган же шаарда каттоодо турган кыргыздар өтө аз пайызды түзсө керек?

Додонов: Кыймылсыз мүлктүн баасы өтө кымбат болгондуктан андайлар өтө аз. Статистика боюнча 458 миңден ашуун кыргызстандык орус жарандыгын алган, бирок бул сан бүткүл Орусияны камтыйт. Москванын өзүндө канча кыргыз мигранты бар экени белгисиз. 400 миң деп айтылат. Алардын жарандыгы болгону менен Москвада каттоосу жок, демек шайлоодо добуш бере алышпайт, тизмеге киргизилбейт.

"Азаттык": Эгерде ушул "каттоо" деген эреже алынып салынса, кыргыз диаспорасы шайлоого активдүү катышат беле? Себеби шайлоо – бул өз көйгөлөрүңдү чечип алууга, өз үнүңдү угузууга, таасир этүүгө жакшы мүмкүнчүлүк берет эмеспи...

Додонов: Туптуура. “Кыргыз биримдиги” түзүлгөн күндөн тарта эле "өз укугуңарды жакшылап билгиле" деп үгүттөп келебиз. Колдон келишинче ушундай шайлоолорго катышып, өзүбүздүн ордубузду көрсөтүшүбүз керек. Орус жарандыгын алган күндө да, ал укуктар Конституцияда белгиленгенин жана корголоорун көбүнчө билбей калып жатышат. Жаңы мыйзамдар чыкса, окушпайт. Орус жарандыгын алгандар келечекте чоң күч болот, бийлик менен эсептешүү үчүн өз укуктарынын аткарылышын талап кылып, активдүү позицияда болушу зарыл. Жада калса шайлоо учурунда байкоочу болушса да болот.

"Азаттык": Эмне себептен бул жолу мигранттардын укугун колдогон бир да талапкер болгон жок, ошол эле коммунисттер деле анчейин бул идеяны көтөрүшкөн жок?

Додонов: Добуш бергендердин көбү менин байкашымча 50 жаштан жогоркулар. Ар бир талапкер кандайдыр бир аудиторияга иштейт. Жаштар көбүнчө добуш беришпейт.

"Азаттык": Бул жолу сиз айтып жаткан пассивдүү жаштарды (алар көбүнчө интернетте отурушат) Навальный ойгото алды го...

Додонов: Ооба. Шаарда Навальныйдын саясий кампаниясы өтө күчтүү жүрдү. Анын алган добуштары – көп. Ал эми Собянин эң таасирдүү делген платформадан - телеканалдардан көрсөтүлүп турду, ошентсе анын алган пайызы - аз.

"Азаттык": Эгерде сизде добуш берүү мүмкүнчүлүгү болсо, кимге добуш берет элеңиз?

Додонов: Мен мигранттардын укугун колдогон, туура иш алып барган, алыс мөөнөттүү, илимий жактан текшерилген программасы бар саясатчыга добуш бермекмин.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG