Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:26

"Ислам мамлекетинен" көңүлү калган аялдар


Иракта рейд учурунда аскерлер үйлөрдү кыдырып жүрөт.
Иракта рейд учурунда аскерлер үйлөрдү кыдырып жүрөт.

Элүүгө чукул орусиялык аял президент Владимир Путинден жардам сурап кайрылды.

Алар ирак түрмөлөрүндө жаткан туугандарын балдары менен Орусияга кайтарууну жана жазасын өз мекенинде өтөөгө мүмкүнчүлүк берүүнү өтүнүшкөн. Маалыматка караганда, ушул тапта орусиялык 50дөй аял жана 100дөй бала Ирактын абактарында жатат.

Үстүбүздөгү жылдын апрелинде Иракта орусиялык 19 аял өмүр бою эркинен ажыратылган. Алар дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө террордук уюм деп таанылган “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун ишмердигине аралашкан деп айыпталган.

“Кавказ түйүнү” басылмасы жарыялаган Орусиянын президентине жолдонгон билдирүүдө “жалган идеялогияга берилген биздин кыздарыбыз динди түшүнбөй Иракка кетишкен. Ал жакка баргандан кийин кетирген күнөөсүн түшүнүшкөнү менен кайра кайтып келе албай калышкан жана исламчыл топтун тирүү калканына айланышкан. Алардын документтерин тартып алышып, кетем дегендерди керек болсо атып салышкан” деп айтылат.

“Хьюман Райтс Вотч” уюму ирак түрмөлөрүндө жаткан аялдар менен балдар “адам чыдагыс шартта” турганын билдирип, эл аралык коомчулукка коңгуроо каккан.

“Мосул шаарынын сыртындагы түрмөдө 25тей аял сыз камерада жатат, аларга өп-чап тамак беришет. Көптөрү оорукчан, бирок догдур келген эмес, алтургай бирөө камерада көз жарган” деп айтып берген андагы аялдардын биринин жакыны уюмдун өкүлдөрүнө.

Багдаддын Борбордук сотунда иши каралып жаткан орусиялык аялдар, 29-апрель, 2018-жыл.
Багдаддын Борбордук сотунда иши каралып жаткан орусиялык аялдар, 29-апрель, 2018-жыл.

Былтыр жайдан бери Сирия менен Ирактан 90дон ашуун аял Орусияга кайтарылган. Аларды чеченстандык депутат Зияд Сабсаби алып келген. Адегенде депутат балдарды алып чыкса, 1-сентябрда аялдар түшкөн учак Грозныйга келип конгон.

“Хьюман Райтс Вотч” уюмунун "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна берген маалыматына караганда, былтыр августтан декабрга чейин 23 аял, 68 бала мекенине кайтарылган.

Ирактан кайтарылган чечен аялдар үй-бүлөсүнө кошулса, дагестандыктар аэропортто эле кармалышкан.

Маселен, былтыр 20-октябрда Грозныйдан Махачкалага сапар улоого камынып жатканда Муслимат Курбанова чогуу келген эки аял менен бирге кармалган. Аялдар төрт жарым жылдан эркинен ажыратылган, алар балдары 14кө толгондон кийин жазасын өтөшөт.

Укук коргоочулар Ирактан кайтып келген аялдарды жазага тартуу Орусиянын мыйзамдарына каршы келээрин такай белгилешет. Кылмыш-жаза кодекси боюнча “мыйзамсыз куралдуу топтордон өз эрки менен чыгып, куралын тапшыргандар эгер башка оор иш жасабаса кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат”.

Ошол эле маалда согуш жүрүп жаткан аймактардан келгендерди кадимки турмушка аралаштыруу, түшүндүрүү-тарбиялоо иштерин жүргүзүү Орусияда солгун.

Укук коргоочулардын айтымында, атайын кызматтар алардын артынан калбай такай аңдып, суракка алып турушат.

Москва программаны токтотобу?

Былтыр декабрда Орусиянын атайын кызматы – ФСБнын жетекчиси Александр Бортников “Жакынкы Чыгыштагы куралдуу топтордун катарында жүргөндөрдүн” Орусияга кайтып келиши “чындап коркунуч” жаратарын айткан.

“Хьюман Райтс Вотч” уюмунун Европа жана Борбор Азия программасынын директору Татьяна Локшина ФСБнын башчысынын жогорудагы сөзүнөн кийин Ирак менен Сириядан аялдар, балдарды чыгаруу программасын токтогон болушу мүмкүн деп эсептейт. “Программа токтоду деп эч ким расмий айтпаганы менен аялдар менен балдар түшкөн учак Грозныйга келбей калды” -дейт эл арлык уюмдун өкулү.

"Хьюман Райтс Вотчтун" маалыматына караганда, Ирактан орусиялык жарандарды салган акыркы учак 7-февралда Грозныйга келген. Анда бир жашар кыз жеткирилип, энеси - Чеченстандын тургуну Ирак түрмөсүндө калган.

Апрель айында ирак соту “Ислам мамлекети” террордук уюмунун катарында согушкан деп таап, 31 аялды өмүр бою эркинен ажыраткан. Чечен жумуриятынын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Хеда Саратованын сөзүнө караганда, 21 аял өмүр бою кесилсе, дагы 57 аял сот өкүмүн күтүп жатат.

"Хьюман Райтс Вотч” уюмунун баяндамасындагы маалымат боюнча Иракта балдар тогуз жашынан тарта жоопкерчиликке тартылат. Эгер өспүрүмдөрдүн “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна мүчө болгону аныкталса беш жылга, куралдуу кармаштарга катышса 15 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

"Азаттыктын" архиви

Сирия, Ирактан кайткандар кайда барат?
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:05 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG